- Подробности
- Published: 2025 15-январы
- Просмотров: 973
МТ боюнча эксперт административдик кызмат ордун ээлөө үчүн мамлекеттик кызматчыга төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы
2) Кесиптик билим деңгээли
- маалыматтык технологиялар жаатында төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: эсептөө техникасы жана маалыматтык технологияларды автоматташтыруу жана башкаруу (билим берүү профили: технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу, инноватика); экономика жана башкаруу (билим берүү профили: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруудагы маалыматтык технологиялар).
3) иш стажы жана тажрыйбасы:
- 3 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы бар.
4) кесиптик компетенттүүлүк:
Билүүгө тийиштүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы жөнүндө”; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”; "Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө"; "Жеке маалымат жөнүндө"; “Электрондук башкаруу жөнүндө”; “Электрондук кол тамга жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгы 2018-жылдын 31-октябры ПЖ № 221
- Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгы 2020-жылдын 17-декабры ПЖ № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик электрондук документ жүгүртүү системасы” автоматташтырылган системасы жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-р (“Санариптик Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча “жол картасын” бекитүү тууралуу) токтому;
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын регламенти;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 01-08/60 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын кызматкеринин этика кодекси.
Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. Чет тилдерди билүү (артыкчылыктуу).
Билүүгө зарыл:
- талдоо кылуу, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана актуалдуу маселелерди чечүүгө мамилелерди интеграциялоо;
- кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
- өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
- башкаруу чечимдерин тез арада ишке ашыруу
- компьютердик техниканы жана керектүү программалык продуктыларды мыкты билүү, 1С8-ишкананы билүү.;
- командада иштөө.
Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды билүү, анын ичинде:
- компьютердик техниканы жана керектүү программалык продуктыларды мыкты билүү
- маалыматтык системаларды жана маалыматтарды шифрлөө аркылуу коргоо;
- антивирустук коргоону башкаруу системасын борборлоштурулган башкаруу;
- логинди жана паролду орнотуу;
- тест, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
- кесиптик этиканын стандарттарын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;
- маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүүгө;
- видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди пайдаланууга;
- компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоого;
- веб-конференцияларды уюштуруу;
- тармактык жана сервердик жабдуулардын иштешин конфигурациялоо жана колдоо.
Көндүмдөр:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- "1С" боюнча коштоолор, "Инфодокс" документациялык камсыздоо системасы жана башкалар;
- тармак жабдууларын конфигурациялоо жана иштетүү;
- натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү;
- кызматтык документтерди даярдоо жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу.







