Санариптик өнүктүрүү жана МТ аудити башкармалыгынын
МТ боюнча аналитиги
Информациялык технологиялар тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку билими: компьютердик технологиялар жана информациялык технологиялар, автоматташтыруу жана башкаруу (окуу профили технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу, инновация); экономика жана менеджмент (билим профили мамлекеттик жана муниципалдык башкаруудагы маалыматтык технологиялар)
Иш стажы жана тажрыйбасы: 5 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы
Кыргыз Республикасынын жараны.
Кесиптик компетенциялары:
1) Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын; “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин; Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамын; Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КР Мыйзамын; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамын; “Маалымат алуу укугу жөнүндө” КР Мыйзамын; “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” КР Мыйзамын; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамын; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамын; “Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгын; 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын; 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Санариптик трансформациялоо концепциясын; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу 2020-жылдын 30-октябры № 526 токтомун.
2) Кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
адам ресурстарын башкаруу жаатында;
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
- билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
- көндүмдөрү:
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;
программалык-аппараттык комплекстеринин (ПАК) коопсуздук сисгемасын колдонуу, стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонуу;
адистештирилген программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана автоматташтырылган системаларды (АС) киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды даярдоо, компьютердик технологияларды жана байланыш каражаттарын колдонуу менен өндүрүш процессин автоматташтырууну жана коммуникацияны комплекстүү камсыздоо; бирдиктуу маалыматтык мейкиндигин түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу максатында заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү жана коштоо боюнча иштерди жүргүзүү; серверлерди жана жумушчу станцияларды системалык жана адистештирилген программалык камсыздоону башкаруу;
автоматташтырылган системалардын программалык комплекстеринин, системалык жана прнкладдык программалардын ишин камсыз кылуу, жаны технологиялардын негизинде кабелдик тармакты өнүктүрүүнү пландаштыруу. Зарыл болгон учурда долбоорлорду иштеп чыгуу. Структураланган кабелдик системаны башкаруу жана өнүктүрүү;
аварияларда, жабдуулардын бузулушунда, вирустар жукканда, тармактын бузулушунда жумушчу станциялардын жана серверлердин иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү; ISO 17799 маалыматтык коопсуздукту башкаруунун эл аралык стандартынын, кызматкерлердин типтүү автоматташтырылган жумуш орундарынын стандарттарынын, ошондой эле маалымат жана жабдуулар менен иштөө ыкмалары боюнча жаны стандарттарды иштеп чыгуу, программалык жана аппараттык камсыздоо боюнча колдонуудагы стандарттарды киргизүү жана кайра карап чыгуу.







