2026-жылдын 4-6-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын окуу борборунун базасында “Практика жүзүндө аудиттин сапатын чыңдоо – финансылык аудитте жана натыйжалуулук аудитинде ISSAI стандарттарын натыйжалуу колдонуу” темасындагы регионалдык семинар болуп өттү. Семинар ИНТОСАИ Өнүктүрүү демилгесинин (INTOSAI Development Initiative – IDI) колдоосу менен уюштурулду.
Аталган иш-чара Борбордук Азиянын аудиттин жогорку органдарынын отчеттуулук боюнча демилгесинин – CASAI (Central Asia Supreme Audit Institutions Accountability Initiative) долбоорунун алкагында, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кытай, Польша, Тажикстан жана Кыргызстандын аудиттин жогорку органдарынын (АЖО) өкүлдөрүн бириктирүү менен, алардын катышуусунда болуп өттү.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар аудиттин эл аралык стандарттарын (ISSAI) колдонуу боюнча билимдерин тереңдетүү жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү, ISSAI 140 “АЖОдогу сапатты башкаруу” стандартына ылайык аудиттин сапатын башкаруу практикасын жакшыртуу, ошондой эле кесиптик кызматташтыкты чыңдоо жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кытай жана Польшанын АЖО өкүлдөрү аудиттин сапатын камсыздоонун институтционалдык механизми, ошондой эле финансылык аудитте жана натыйжалуулук аудитинде аудиттин сапаты боюнча потенциалды жогорулатуу багытындагы өз тажрыйбалары менен презентация аркылуу бөлүшүштү.
Семинардын жыйынтыгында катышуучулар ISSAI 140 стандарты, аудиттин жогорку органдарына аудиттин бардык түрлөрүнүн сапатын башкаруу үчүн ишенимдүү системалык негиз түзүүгө жардам берет деген бир пикирге келишти. ISSAI 140 стандарты жогорку кесипкөйлүктү арттырып, аудит отчетторуна болгон ишенимди бекемдейт.







