Бүгүн, 30-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Күн тартибине ылайык, Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков шайкештик аудитинин жыйынтыгы боюнча отчетту сунуштады. Алсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде 2025-жыл ичинде бюджеттин аткарылышына жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн толукталышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы каралды.
Каралган отчеттун жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасынын Кеңеши тиешелүү чечим кабыл алып, аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мамлекеттик мүлктү тескөөдө натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча сунуштамаларды берди.










