Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын “ишеним телефону”   жөнүндө

ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1.Ушул Жобо коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, коррупциялык көрүнүш фактыларын аныктоо үчүн шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматтагы адамдарынын кызматтык абалын пайдалануу менен укук бузууларды алдын алуу максатында иштелип чыкты жана  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын “ишеним телефонунун” иштөө тартибин белгилейт (мындан ары – “ишеним телефону”). 

2. “Ишеним телефону” ишти жакшыртуу, колдонуудагы мыйзамдын бузулушуна, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна, коррупциялык жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматтагы адамдары тарабынан   башка укук бузууларга   ыкчам көңүл буруу,  ошондой эле жарандардын жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн, кошумча маалымат алуу максатында түзүлгөн. 

3. “Ишеним телефонунун” ишине жана “ишеним телефонунун” абоненттик номерине  карата түзүмдүк бөлүм (жооптуу адам), Эсептөө палатасынын төрагасынын буйругу менен аныкталат.  

4. “Ишеним телефонунун” иштешин техникалык жактан коштоо, Эсептөө палатасынын Каржы жана маалыматтык камсыздоо бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат. 

 

2. “Ишеним телефонунун” иш  милдеттери

 

5. “Ишеним телефонуна” төмөндөгү милдеттер жүктөлөт:

- Эсептөө палатасындагы коррупциялык жана башка укук бузууларды профилактикалоого багытталган кабыл алынган чараларга жардам берүү жана чыңдоо;

- Эсептөө палатасында мүмкүн болуучу коррупциялык көрүнүштөр  жана башка укук бузуулар фактыларын аныктоо.

 

3. “Ишеним телефонун” уюштуруу иш тартиби

 

6. “Ишеним телефонунун”  иштеши жөнүндө маалымат төмөндөгүлөргө жайгаштырылат (көрсөтүлгөн):

- жалпыга маалымдоо каражаттарында, Эсептөө палатасынын расмий веб-сайтында жана башка интернет ресурстарында; 

- аудит жүргүзүүгө укук берген буйруктарда;

- Эсептөө палатасынын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн имараттарынын кире беришине.  

7. “Ишеним телефонунун”  иштеши үчүн төмөндөгүдөй иш графиги белгиленет: дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9-00дөн 18-00гө чейин, тыныгуу саат 12.30дан 13.30га чейин, дем алыш күндөрү: ишемби, жекшемби.  

8. Телефондук чалууга жооптуу кызматкер милдеттүү түрдө төмөндөгүлөрдү аткарууга милдеттүү:

 - аты-жөнүн, кызматын айтып өзүн тааныштырууга;

- телефон чалып жаткан адамга   Эсептөө палатасынын кызматкерлери менен өз ара аракеттенишүүгө туш болгон  жарандар жана уюмдардын коррупция фактылары жөнүндө маалымат алуу үчүн “ишеним телефону” иштеп жаткандыгын билдириши;

- “ишеним телефонунун” иштөө сапатын жогорулатуу максатында сүйлөшүү жазылаарын;

- купуялуулук кепилденерин;

- жаранга (уюмдун өкүлүнө) өзүнүн аты-жөнүн,  уюштуруу-укуктук формадагы уюмдар үчүн аталышын, жооп жөнөтүлө турган почталык дарегин  айтышын сунуш кылууга;

-  жаранга (уюмдун өкүлүнө) маселенин маанисин баяндоону сунуш кылууга.

9. “Ишеним телефону”  боюнча аңгемелешүү чалып жаткан адамдын каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт. 

         10. “Ишеним телефонунун” иштөө сапатын жакшыртуу үчүн, бард дык сүйлөшүүлөр жазылат.  

11. Билдирүүдө айтылган маселе, Эсептөө палатасынын айрым кызматкерлери тарабынан изилдөөнү жана кароону талап кылса,  жооптуу кызматкер  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жазуу жүзүндө же электрондук формада кайрылуусун жаранга түшүндүрөт.  

12. Анын чечилиши  Эсептөө палатасынын компетенциясына кирбеген маселелер боюнча, жаранга кимге жана кандай тартипте кайрылуусу түшүндүрүлөт.  Башка мамлекеттик органдар жана уюмдар боюнча маалымдоочу  маалымат  берилбейт. 

13. Тезинен көңүл буруу жана Эсептөө палатасынын төрагасына баяндоо төмөндөгүдөй учурларда талап кылынат: 

- террактарды жасоо, уурдоо, өрттөө, Эсептөө палатасынын объекттеринде электрондук маалыматтар базасын жок кылуу  коркунучтары, ошондой эле Эсептөө палатасынын мүлкүнө жана башка ыкмалар менен материалдык зыян келтирүү коркунучу;    

- кызматтык милдеттерине байланыштуу, Эсептөө палатасынын кызматкерлерине карата күч колдонуу коркунучу;

- Эсептөө палатасынын конкреттүү кызматкерлери тарабынан опузалоо фактылары, ошондой эле кызматы же кызматтык абалын пайдалануу менен кылмыш белгилерин камтыган, алар тарабынан жана башка иштердин даярдалышы жана жасалышы   фактылары жөнүндө билдирүүлөр.   

14. “Ишеним телефону” боюнча келип түшкөн  билдирүүлөр, алардын келип түшүүсүнө жараша “ишеним телефону” боюнча кайрылууларды каттоочу атайын журналга жазылат (мындан ары – Журнал).  

15. Журнал “ишеним телефонунун”  ишине жооптуу түзүмдүк бөлүмдө (адамда)   сакталат. Жарандардын кайрылууларын каттоо журналынын барактарына номер коюлуп, анда төмөндөгүдөй графалар болушу керек:  

- билдирүүнү катар номери;

- билдирүү келген күн жана убакыт;

-кайрылган адамдын аты-жөнү, үй дареги жана  телефон номери;

- жарандын кайрылган маселесинин кыскача мазмуну;

- билдирилген маселени чечүү жыйынтыгы жөнүндө белги. 

16. Жөнөткөн жарандын аты-жөнү, жооп жөнөтүлө турган почталык дареги көрсөтүлбөгөн  анонимдүү билдирүү, журналга маалымат катары киргизилет аналитикалык жана статистикалык максаттарда, ошондой эле Эсептөө палатасындагы коррупциянын профилактикасы жөнүндө жыйынтыкталган маалыматты даярдоодо колдонулушу мүмкүн.  

17. “Ишеним телефонуна” келип түшкөн билдирүүлөр, жума сайын Эсептөө палатасынын коррупцияны алдын алуу маселеси боюнча ыйгарым укуктууга берилет.

18. Коррупциялык жана башка укук бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү кароо жыйынтыгы жөнүндө (анонимдүү билдирүүлөрдөн сырткары) жаранга жазуу жүзүндө билдирилет. 

19. “Ишеним телефону” боюнча алынган маалыматтар менен иштеген Эсептөө палатасынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алынган маалыматтардын купуялуулугунун сакталышына жеке жоопкерчилик тартышат.

20. “Ишеним телефонун” максатсыз пайдаланууга тыюу салынат.

21. “Ишеним телефону” боюнча келип түшкөн билдирүүлөрдүн жана сүйлөшүүлөрдүн жазылышын сактоо мөөнөтү, бир календардык жылды түзөт.

 “Ишеним телефону” боюнча билдирүүлөргө жазуу жүзүндөгү жооптор, иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жооптуу түзүмдүк бөлүм тарабынан сакталат.