Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

ШКУга мүчө-мамлекеттердин жогорку аудит органдарынын өкүлдөрүнүн башчылары - Казакстан Республикасынын Республикалык бюджеттин аткарылышын контролдоо боюнча эсептөө комитети комитетинин төрагасы Годунова Наталья, Кытай Эл Республикасынын Улуттук Аудит Кеңсесинин Башкы аудитору Ху Зеджун, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын аудитору Блинова Татьяна, Тажикстан Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Чиллазода Карахон, Өзбекстан Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Икрамов Музраф, Индия Республикасынын Аудит Кеңсесинин Башкы аудиторунун орун басары жана көзөмөлдөөчүсү Ашуини Аттри жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Марипов Улукбек Асамидинович Бишкек шаарында жайгашкан жазуучу Чынгыз Айтматовдун үй-музейинде болушту.

Экскурсиянын жүрүшүндө, музейге келген коноктор жазуучунун кол жазмалары жана жумушчу бөлмөсү  менен таанышып,  анын өмүрүн жана чыгармачылыгын талкуулашып, Чынгыз Айтматовдун чыгармалары менен алгачкы таанышуулары тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүштү. Үй-музейде экскурсияны жазуучунун уулу Эльдар Айтматов жүргүздү.

Экскурсиянын аягында  коноктор Чынгыза Айтматовдун үй-музейинин китебине эстеликке жазууларды калтырышты.