Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Бүгүн, 6-июлда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Марипов Улукбек Асамидинович жана Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудитордук кеңсесинин башкы аудитору Ху Цзэцзюнь эки өлкө ортосундагы органдардын эки тараптуу кызматташуусу тууралуу Макулдашууга кол коюшушту.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Марипов Улукбек Асамидинович коноктор менен саламдашып, Эсептөө палатасы Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудитордук кеңсеси ортосундагы бул мамилелерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин белгилей кетти. «Бүгүн биз эки өлкөнүн жогорку аудит органдары эки тараптуу кызматташуу тууралуу Макулдашууга кол койгону турабыз. Мен ишенем, Макулдашууда каралган иш–чаралар биздин эки тараптуу  кызматташуубуздун бекемдешине чоң салымын кошот деп. Биз, Кытай мамлекетинин аудиттин жогорку органынын, аудитти санариптештирүү максатында маалыматтар менен иш жүргүзүүсүнө жана бюджетти аткарууда  аудиттин методологиясы менен  тажрыйба алмашууга кызыктарбыз. Мындан тышкары, паралелдүү аудит жүргүзүү, эки өлкө ортосунда кызматташтык маселелерин чечүүдө чоң өбөлгө болмок” деп сөзүн жыйынтыктады Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.

Улукбек Марипов, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы ИНТОСАИ жана ASOSAI алкагында чет өлкөлүк кесиптештери менен кызматташуусу тууралуу да айта кетти. “Бирок, биздин кызматташтыктын кем эмес маанилүү багыты Шанхай кызматташтык уюму болуп саналат. Учурдан пайдаланып, Сизге, Бишкек шаарында 4-июлда болуп өткөн ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку аудит мекемелеринин IV жыйынына катышкандыгыңыз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип кетем. Биз жыйында кабыл алган чечимдер ийгиликтүү иш-жүзүнө ашырылат жана кызматташуунун жаңы деңгээлине жеткенге мүмкүндүк берет деп ишенем” деп  Эсептөө палатасынын төрагасы созун жыйынтыктап жатып баса белгиледи.

Өз кезегинде, Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудитордук кеңсесинин башкы аудитору Ху Цзэцзюнь айым сүйлөгөн сөзүндө уюштуруу жогорку деңгээлде болгонун жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку аудит мекемелеринин IV отуруму ийгиликтүү өткөрүлгөндүгүн белгилеп өттү. “Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенти менен жолугушуусу, ШКУга мүчө-мамлекеттердин жогорку аудит мекемелеринин саммитине өтө жогору маани берилгендигин белгиледи. Биздин делегация Кыргызстанда биринчи жолу болууда. Элиңиздер меймандос экен, бизге өлкөңүздөр жакты. Азыр жаңы доор жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин баштаган «Бир кур - бир жол», концепциясынын демилгеси эки өлкө ортосунда жаңы мейкиндиктерди ачат деп ишенем. Биз эки тараптуу кызматташтыкты абдан жогору баалайбыз. Макулдашууга кол коюу биздин эки өлкө ведомстволоронун ортосундагы мындан аркы кызматташуу үчүн жакшы негиз болуп калат деп ишенем”.

Ху Цзэцзюнь айым Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жетекчилигин Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудитордук кеңсесине иш сапар менен чакырды.

Улукбек Марипов жылуу сөздөрү үчүн конокторго ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана Улуттук Аудит кеңсесинин ортосунда тыгыз иш алып баруу, тажрыйба жана билим алмашуу, бул бир гана биздин жогорку аудит мекемелери гана эмес, бул эки өлкө лидерлеринин ишине да абдан  чоң өбөлгө болот  деп белгиледи.

Андан кийин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы жана Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудитордук кеңсесинин башкы аудитору  эки тараптуу кызматташуу тууралуу Макулдашууга кол коюшушту.

Документте бир катар иш - чаралар каралган: тажрыйба алмашуу жана өз ара кызыкчылыктын субъекттери боюнча биргелешкен илимий долбоорлорду  уюштуруу; жогорку билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтык; маалыматтар жана маалымдоочу материалдар менен тажрыйба алмашуу; биргелешкен жана параллелдүү, экспертик- аналитикалык аудитордук иш алып баруу.