Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, 2016-2017 жылдарына Чоң-Алай районунун айыл округдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 7 млн 893,5 миң сомго каржы бузуулары аныкталган.

Аудитте райондук мамлекеттик администрация, Кыргыз Республикасынын  финансы министрлигинин Чоң-Алай башкармалыгы, “Чоң-Алай”, “Жекенди”, “Кашка-Суу” айыл аймактыктары жана Чоң-Алай районундагы региондорду өнүктүрүү фонду камтылды.

Жалпы каржы бузууларынын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиги – 53,5 миң сом, эмгек акыларды негизсиз  төлөө - 107,1 миң сом, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 4 млн 822,5 миң сом, анын ичинен: командировкалык чыгымдарды ашыкча төлөө – 85,7 миң сом, монтаждоо иштеринин көлөмүн жана наркын жогорулатуу 2 млн 221,0 миң сом, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдаланылышы - 439,0 миң сом, дебитордук жана жашырылган насыялык карызды эсепке алууну жашыруулар – 117,5 миң сом, 11,8 миң сом, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кирешесине кошумча кошуп эсептелгендер   – 43,3 миң сом.

Каржы бузууларынын жалпы суммасынын ичинен 7 млн 786,4 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш. Аудитин жүрүшүндө 651,6 миң сом өндүрүлдү.

Мындан сырткары, 384,5 миң сомдук бюджеттеги резервдер жана жоготуулар аныкталды, электр энергиясын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды ченемден ашыкча пайдалануунун натыйжасында.

Материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу боюнча, ошондой эле курулуш монтаждоо иштеринин көлөмүн жана наркын жогорулатуу боюнча материалдарга укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.