Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди, босогого кирип келген Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Өткөн жыл Кыргызстан үчүн жемиштүү жыл болду. Дүйнө жүзүнө таанымал, залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун 90 жылдын дүйнөлүк коомчулук менен татыктуу белгиледик. 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ийгиликтүү өткөрүп, Кыргызстан дагы бир жолу дүйнө жүзүнө өзүн көрсөтө алды. Бир катар алгылыктуу  иштер жасалып, экономикабыз өрүш алды. Калкыбыздын социалдык жактан жашоо-турмушу да бир кыйла жакшырды десек болот. Бул болсо, өлкөбүздүн демократия жолунда бараткандыгынын бирден бир мисалы. Дүйнө жүзү боюнча алакабыз кеңейди. 

     

2019-Жаңы жыл кубанычтарды, жакшылыктарды алып келген, дасторкон нанга толгон, бөбөктөрдүн күлкүсү угулган, өлкөбүздө бейпилдик өкүм сүргөн,  мамлекетибиз   гүлдөп-өсүп, элибиз бакубаттуулукта, барчылыкта-молчулукта жашаган жыл болсун! Бюджеттин акчалары тар чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланылсын. Мамлекеттин казынасына кол салгандар болбосун.  Элим-жерим деп, ак дилден кызмат өтөгөндөр жана Кыргызстандын желегин желбиретип, дүйнөгө тааныткандар көбөйсүн. Наристелер төрөлүп, калкыбыздын саны өссүн. “Эмгек дайра – билим кеме” демекчи, жаштарыбыз өсүп-өнүгүп, илим-билимге сугарылган, өз өлкөсүн сүйүп, ага кызмат кылган жарандардан болушсун. Жаңы жылда жаңы тилектер ишке ашып, ой-максаттар орундалсын. Келе жаткан жыл ар бирибиздин үйүбүзгө кут, береке  жана ырыскы алып келсин, тынчтык болуп элибизде, токучулук берсин жерибизге! “Эр эмгегин эл жебейт, эл эмгегин жер жебейт”, “Байлыктын атасы – эмгек, энеси – жер” дегендей, түшүмүбүз мол болсун! “Дүнүйө-мүлктүн көптүгү байлык эмес, көңүлдүн токтугу – байлык” демекчи, маанайыбыз ачык болсун, кайгы-кападан алыс болуп, бөөдө кырсыктан сырткары, жакшы сөзгө канаатташ, жакшылыкка жамаатташ  бололу!

Дагы бир жолу, Жаңы жылыңыздар менен!

Сиздерди урматтоо менен,

 Улукбек Марипов