Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында Мекенди коргоочу күнүнө арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү. Бул иш-чарага жетекчилик жана эмгек жамааты катышты. Айымдар коллегаларын майрамы менен куттукташты.

Төрага  Улукбек Марипов куттуктоо сөзүн айтып келип, бул эрдиктин, каармандыктын жана ар намыстуулуктун символун билдирээрин  белгиледи. “Бул күнү биз, бейпил жашоону камсыз кылган Мекенди коргоочуларга ыраазчылыгыбызды жана урматтообузду билдиребиз. Мекенди, өзүнүн элин коргоо ар бир атуулдун ыйык милдети. Бүгүнкү күнү Мекенди коргоо милдетинен сырткары, биздин алдыбызда өлкөнүн бюджетин, мүлкүн, анын кызыкчылыгын коргоо милдети турат. Эркин жана мындан ары да гүлдөп өскөн Кыргызстанды куруу биздин колубузда” – деп, баса белгилеп өттү.  Төрага эмгек жамаатына жана алардын үй-бүлөлөрүнө бекем ден соолук, иштерин ийгилик каалады.