Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы тарабынан 2017-жылга карата КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана анын ведомстволук түзүмдөрүнүн бюджеттик каражаттардын чыгымдар сметасынын, атайын эсептин кирешелер жана чыгымдар сметаларынын аткарылышына, башка каражаттардын пайдаланышына жана ишине пландуу аудит жүргүзүлдү.

Аудиттин алкагында МККда эмгек акыны негизсиз жана эмгек акыны төлөдөө бузуулар аныкталган. Бул көрсөткүч 2017-жылы 7,3 млн. сомду түзгөн, анын ичинен: эмгек акыны негизсиз – 1,8 млн сом, эмгек акыны төлөөдө бузуулар – 5,5 млн сом.

Алсак, КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтомун бузуу менен, борбордук аппаратынын, Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо, Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменттеринин кызматкерлерине компьютерде иштеген зыяндуулук үчүн, 25%дан – кошумча төлөмдөр жалпы суммасы 3,7 млн. сом төлөнүп берилген. Тактап айтсак, кошумча төлөмдөр эмгек орундарында иондоочу нурлануу такталбастан берилген.

Ошондой эле, 2016-жыл үчүн жүргүзүлгөн аудиттин актысына жазылгандыгына карабастан, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2015-жылдагы №36-к буйругу менен, компьютерде иштеген зыяндуулугу үчүн 15%дан -25%га чейин, 2017-жыл ичинде айлык маянага кошумча зыяндуулук үчүн 2,0 млн. сом негизсиз эсептелген жана төлөнгөн.

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августагы №473 токтомун бузуу менен, атайын эсептин каражаттарынан 0,7 млн. сом, жети штаттык бирдикти кармоо үчүн сарпталган.

2018-жылдын 26-майындагы №55 “Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти тарабынан атайын эсептин кирешелеринин жана чыгымдарынын жалпы 8,8 млн. сом суммасындагы акча каражаты бюджетке кайтарууга тийиш.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча, Эсептөө палатасы тарабынан кем чыгууларга, бузууларга жол бербөө жана аларды четтетүү боюнча сунуштар берилди. Ошондой эле, мурунку аудиттин жазма буйруктарын толук аткаруу боюнча талаптар коюлду. 2016-жылдагы аудиттин жазма буйругундагы эскертүүлөрдү эске албастан, бул жылдын аудитинде дагы финансылык тартип  бузууга, кошумча төлөөдө, ашыкча төлөмдөрдү жүргүзгөндүгү жана эмгек акысына үстөк акы төлөөдө кемчиликтердин кайталанышына жол бергендиги үчүн, борбордук аппараттын, Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жана ведомстволук түзүмдөрдүн жооптуу кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин кароо сунушу берилди.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча КР Жогорку Кеңешине, КР Президентинин Аппаратына, КР Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына, КР Өкмөтүнө жана аудит объектисине материалдар жөнөтүлдү.