Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарынын 2024-2025-жылдарга карата бюджеттине аудит жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык,  Ысык-Көл областынын  Чолпон-Ата  шаарында 2024-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык каржылык бузуулардын жалпы суммасы 185249,7 миң сомду түзгөн, анын ичинде 170763,2 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 147809,5 миң сом. Анын ичинен:

  • Бюджеттин долбоорун түзүүдөгү жана ал менен бир убакытта түзүлүүчү документтерди түзүүдөгү бузуулар 10755,7 миң сом.
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун тиешелүү бюджетине каражаттардын чегерилбеши 12493,2 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 400,0 миң сом.
  • Бюджеттен каражаттарды берүү тартибин бузуу 3457,2 миң сом,
  • Бюджеттердин каражаттарын максатсыз пайдалануу 35,0 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш.
  • Капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы бузуулар 11082,4 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 291,6 миң сом.
  • Мүлктүн сакталышын камсыз кылбоо 147152,6 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 147117,9 миң сом.
  • Мүлктү пайдалануудагы башка бузуулар 273,6 миң сом.

 Чолпон-Ата шаарынын мэриясындагы төмөнкү курулуш-иштери боюнча объектилер Ысык-Көл областык прокуратурасына укуктук баа берүү үчүн сунушталды:

- подрядчы “Эра Строй Инвест” ЖЧКсы тарабынан Чолпон-Ата шаарындагы Курортная көчөсүнө көпүрө куруу жумуштарында” аткарылган иштердин көлөмү долбоорго жана аткарылуучу иштердин көлөмдөрүнө 1884,1 миң сомго дал келбестиги жана 162,7 миң сомго жогорулатылгандыгы;

- субподрядчы “Алтын Хаус” ЖЧКсы тарабынан “Чолпон-Ата шаарындагы “Кейсар” шаардык көл жээгин жакшыртуу жумуштарында” аткарылган иштердин көлөмү 4273,2 миң сомго жогорулатылгандыгы жана келишимдин шартына ылайык, жумуштар 2025-жылдын 15-майында бүткөрүлүшү керектигине карабастан, аудит учурунда бүткөн эместигине байланыштуу 5% үстөк айып 1987,6 миң сом эсептелингендиги. Жалпы 39751,6 миң сомдук келишимден 17850,6 миң сомдук АИА аудитке берилбегендиктен аудит өткөрүүгө мүмкүн болгон жоктугу; 

-подрядчы КР Президентинин Администрациясына караштуу “Кыргызстройсервис” МИ тарабынан аткарылган, төмөнкү объектилердин (сметалары, АИА, төлөө тапшырмалары, аткаруучу иш кагаздар) курулуш иштерине аудит өткөрүү мүмкүн болбогондугу боюнча:

-Чолпон Ата шаарынын Бостери айылындагы “Жетиген” жана “Алма-Ата” эс алуу аймактарын (туристтик маршрут) бириктирүүчү Орто-Долоноту дарыясына көпүрө куруу;

-Совет көчөсүнүн кесилиши жана “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясынын бурулушуна, Найзабеков көчөсүнүн кесилиши жана “Каприз” эс алуу борборунун бурулушуна, Мамытов жана Исмаилов көчөлөрүнүн кесилишине светофор орнотуу;

- 2025-жылдын 24-июлунда Чолпон-Ата шаарынын “Бирлик-1” кичи районундагы Акматбай-Ата көчөсүндө күрөш залын куруу жумуштарына 20000,0 миң сомдук, 2024-жылдын 7-октябрында Чолпон-Ата шаарындагы Акматбай-Ата көчөсүнө жөө адамдар басуучу жол курууга 7500,0 миң сомдук, 2025-жылдын 5-декабрында Чекиров көчөсүнө саркынды суу агызуу жумуштары, Панфилов көчөсүнө асфальт-бетон жумуштары, Санаторная көчөсүндөгү конок үйүн оңдоо жумуштарына жалпы 18963,3 миң сомдук келишимдер түзүлгөн, подрядчыга 16097,9 миң сом төлөнүп берилгендиги боюнча.

 Аудиттин материалдары Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жетекчилигинин, Чолпон-Ата шаарынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Чолпон-Ата шаарынын мэрине, шаардык Кеңешке - Отчет; аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлдү.