Нарын областынын Кочкор районунун бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык, Нарын областынын Кочкор районунда 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 233230,3 миң сомду түзгөн, анын ичинде 209160,8 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 200564,6 миң сом. Анын ичинен:
- Бюджеттин долбоорун түзүүдөгү жана ал менен бир убакытта түзүлүүчү документтерди түзүүдөгү бузуулар 18907,3 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун тиешелүү бюджетине каражаттардын чегерилбеши 966,6 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 104,5 миң сом;
- Бюджеттерге каражаттарды алууда жана бюджеттерден каражаттардын ордун толтурууда укуктук негиздердин дал келбестиги же жоктугу 600,0 миң сом;
- Бюджеттен каражаттарды берүү тартибин бузуу 3825,5 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиштүүсү 2210,1 миң сом, калыбына келтирилген;
- Бюджеттердин каражаттарын максатсыз пайдалануу 50,0 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш;
- Капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы бузуулар 7025,9 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 101,1 миң сом;
- Милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашыкча жана тастыкталбаган чыгымдар 1608,3 миң сом;
- Мүлктүн сакталышын камсыз кылбоо 180559,8 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 180313,4 миң сом;
- Мүлктү пайдалануудагы бузуулар 1856,1 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиштүүсү 517,6 миң сом, калыбына келтирилгени 54,2 миң сом;
- Бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актылардын бузулушу 17830,8 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 17781,3 миң сом.
Укуктук баа берүү үчүн Нарын облустук прокуратурасына төмөнкүлөр сунушталган:
-Кочкор финансы башкармалыгындагы Toyota Camry үлгүсүндөгү 2007-жылкы автоунааны сатуу боюнча;
-Сары-Булак айыл өкмөтүнүн “Төлөк-Ак-Кыя” муниципалдык ишканасындагы мамлекеттик номери 05KG 979AC FAW автосамосвалын жана мамлекеттик номери 05KG993CA XGMA погрузчик эксковаторун ижарага берүү маселеси боюнча.
Аудиттин материалдары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, Кочкор финансы башкармалыгынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, райондук мамлекеттик администрациянын башчысына, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлгөн.







