2026-жылдын 29-июлунда Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү
Отурумдун күн тартибине ылайык, Эсептөө палатасынын аудитору Зарылбек Сатаев 2025-жыл ичинде социалдык жана саламаттыкты сактоо тармактарында мамлекеттик каражаттардын пайдаланылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктары боюнча баяндама жасады.
Жыйында 2025-жылга карата КР Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы, КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Саламаттык сактоо министрлигинин өзүнүн ведомстволук мекемелери менен биргеликте бюджетти пайдалануусу боюнча шайкештик аудитинин отчеттору каралып чыкты.
Ошондой эле «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому» коомдук бирикмесине 2018-жылдан 2025-жылга чейинки мезгил аралыгында бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы да талкууланды.
Отурумдун соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, мамлекеттик органдарга сунуштамалар жөнөтүлдү.







