Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кара-Көл шаарында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат

 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2026-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Кара-Көл шаарынын 2024-жылдын                          1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү бюджеттен, атайын жана башка каражаттардын эсебинен аткарылган  курулуш-куроо, оңдоп түзөө  иштерине жана андагы мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугуна аудит жүргүзүлүп, жыйынтыгында  жалпысынан 21009,8 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, алар:

- Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу 12273,4 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш, андан 2412,2 миң сом бюджетке калыбына келтирилди, калыбына келтирилбеген калдык 9861,2 миң сомду түзөт;

- Мүлктү белгиленген багыты жана/же аны сатып алуудагы максаттарына ылайык эмес пайдалануу 8736,4 миң сом.

  Аудиттин жыйынтыгы  менен:

1. Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында 2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында  “Гигант-Строй компани” ЖЧКсы тарабынан  “Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Мусуралиев көчөсүнө 100 орундуу бала бакча куруу иштери” долбоору боюнча  аткарылган курулуш-монтаждоо иштерине аудиттин жыйынтыгында 767,0 миң сомдук негизсиз  кошуп жазууларга укуктук баа берүү үчүн аудиттин материалдары 20.04.2026-жылдагы №01-3/314 каттын негизинде Кара-Көл шаарынын прокуратурасына жиберилди.

2. Кара-Көл шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгында 01.01.2024-жылдан 31.12.2024-жылга чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү бюджеттен, атайын жана башка каражаттардын эсебинен аткарылган курулуш-куроо, оңдоп түзөө  иштерине жана андагы мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугуна  жүргүзүлгөн  аудиттин жыйынтыгы боюнча аныкталган 9985,4 миң сомдук каржы бузуулар боюнча аудиттин материалдары 10.06.2026-жылдагы №01-3/376 каттын негизинде КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө Башкы башкармалыгына жиберилди.

3. Кара-Көл шаарынын мэриясында жана Кара-Көл шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгында 01.01.2024-жылдан 31.12.2024-жылга чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү бюджеттен, атайын жана башка каражаттардын эсебинен аткарылган курулуш куроо, оңдоп түзөө  иштерине жана андагы мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган жалпы 21009,8 миң сомдук каржы бузуулар боюнча аудиттин материалдары 10.06.2026-жылдагы                         №01-3/375 каттын негизинде Кара-Көл шаарынын прокуратурасына  жиберилди.