Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

ШКУга мүчө мамлекеттердин аудиттердин жогорку органдарынын жетекчилери мамлекеттик аудитти өнүктүрүү келечегин жана көйгөйлөрүн талкуулашты

Бүгүн,  2018-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунуна мүчө мамлекеттердин аудиттердин жогорку органдарынын IV жолугушуусу болду. Отурумга ШКУга мүчө мамлекеттердин аудиттердин жогорку органдарынын жетекчилери

– Казакстан Республикасынын Республикалык бюджеттин аткарылышын контролдоо боюнча  эсептөө комитетинин төрагасы Наталья Годунова, Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудит кеңсесинин башкы аудитору Ху Зеджун; Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын төрагасы  Татьяна Блинова; Тажикстан Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Карахон Чиллазода; Өзбекстан Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы  Музраф Икрамов, Индия Республикасынын  Аудит кеңсесинин башкы аудиторунун орун басары жана контролер Ашуини Аттри, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары   Мирлан Бакиров, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри  Эрлан Абдылдаев жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы   Улукбек Марипов катышышты.

Иш чараны ачып жатып Улукбек Марипов  IV жолугушуунун меймандары- ШКУга мүчө мамлекеттердин аудиттердин жогорку органдарынын жетекчилери болгон делегаттарды  куттуктады. “Биз үчүн бул жолугушууну өткөрүү абдан чоң сыймык болду. Сегиз жыл ичинде ШКУ аудит органдарынын өз ара натыйжалуу аракеттенишүүсү үчүн пайдубалды түптөдү. Бул жерде биз бирдей укукта, өз ара урматтоо жана бири- бирибиздин кызыкчылыгыбызды эске алуу менен, мамлекеттик аудит жаатында тажрыйба жана билим алмашууну, биздин кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана чыңдоону улантуудабыз. Күн тартиби  жана биз көтөргөн маселелер ШКУ өлкөлөрүндө мамлекеттик аудитти чыңдоонун актуалдуулугу жөнүндө айтып турат”- деп  белгилөө менен Эсептөө палатасынын төрагасы  катышуучуларга жемиштүү иштерди каалады.

Парламенттин вице-спикери Мирлан Бакиров өз сөзүндө, Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу жогорку орган катары, мамлекеттик сектордогу финансылык каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышына жана бөлүштүрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурарына токтолду.  “Мамлекеттик аудит Өкмөттүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу иштеши боюнча  парламенттик контролдоонун негизги элементтеринин бири болуп эсептелет.   Эсептөө палатасы менен кызматташуу биз үчүн фундаменталдуу мааниге ээ. Бүгүнүкү жолугушуунун жыйынтыгы, аудит органдарынын мындан арык иши үчүн бирдиктүү позицияны иштеп чыгат деп терең ишенем, ал ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик аудитин күчтөндүрүү жолунда жөнөтүүчү түйүн болуп калат, - деди. 

Казакстан Республикасынын Республикалык бюджеттин аткарылышын контролдоо боюнча  эсептөө комитетинин төрагасы Наталья Годунова 2017-жылы   ШКУ өлкөлөрүндө саламаттык сактоо чөйрөсүндө жүргүзүлгөн  бирдей натыйжалуулук аудитинин жыйынтыктарына жана мурда Астана шаарында кабыл алынган иш чаралар планынын аткарылышы жөнүндө айтып келип, эки жылдык координациялык иштин жыйынтыгын чыгарды.

Андан ары делегация башчылары күн тартибинин “Мамлекеттик аудитти өнүктүрүү келечеги жана көйгөйлөрү”, “Мамлекеттик башкарунун маанилүү аспабы катары бюджеттик каражаттардын чыгымдоонун натыйжалуулугуна аудит”  темасындагы баяндамалар менен чыгышты.

 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы “Мамлекеттик аудитти өнүктүрүү келечеги жана көйгөйлөрү”  темасындагы баяндамасында, Эсептөө палатасында жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы чаралар жөнүндө айтып, бир катар маселелерди белгилеп өттү.  “Кыргызстанда, башка өлкөлөрдөй эле коррупция көйгөйү курч бойдон калууда. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коррупция менен күрөшүү -  мамлекеттин стартегиялык маанилүү маселеси катары  аныкталган. Эсептөө палатасы мамлекеттик аудиттин жогорку органы катары, коррупция менен күрөшүүнүн жалпы улуттук тутумунун маанилүү элементи болуп эсептелет” – деп баса белгиледи жана чет элдик коллегаларын жакшы тажрыйбалар менен бөлүшүүгө чакырды. 

Баяндамалардан кийин, тараптардын ортосунда дискуссия жана тажрыйба алмашуу болду. САМИТтин  жыйынтыгы боюнча  жолугушуу протоколуна киргизилген бир катар негизги документтерге кол коюлду:  ШКУга мүчө мамлекеттердин аудиттердин жогорку органдарынын техникалык кызматташуусу жөнүндө Жобо, 2018-2019-жылдарга ШКУга мүчө мамлекеттердин аудиттердин жогорку органдарынын кызматташуу алкагында иш чаралар планы жана Шанхай кызматташуу уюмунун мүчө мамлекеттердин аудиттердин жогорку органдарынын IV жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча  биргелешкен билдирүү.

IV жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы жолугушуунун натыйжалуулугун жана жемиштүүлүгүн баса белгиледи, негизинен алар, актуалдуу көйгөлөрдү жана маселелерди, узак мөөнөттүү өнүгүү келечегин талкуулоо, ошондой эле негиз салуучу документтерди аудиттин жогорку органдарынын жетекчилери тарабынан бекитилиши. “Бүгүнкү отурум кызматташууну, аны мындан  ары өнүктүрүүнү жактоочулукту көрсөттү. Бишкек САММИТтинде  биз кабыл  алган чечимдер, ийгиликтүү ишке ашат  деп ишенем” , - деп жолугушууну жыйынтыктады Улукбек Марипов.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков менен делегациянын жолугушуусу пландалган.

Маалымат үчүн:

ШКУга мүчө мамлекеттердин жогорку финансылык көзөмөл органдарынын жетекчилеринин кеңешмесинин механизми 2010-жылы түзүлүп, аны түзүү демилгеси Кытай жана Россиянын жогорку аудит органдарына таандык.Учурда бирикмеге сегиз өлкөнүн жогорку финансылык көзөмөл органдары: Индия Республикасы, Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы.

Кеңешме эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Тараптардын макулдашуусу боюнча көзөмөлдөө функциясы кабыл алып жаткан тарапка берилип, бул жылы жолугушуу Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы тарабынан уюштурулуп жатат.

ШКУга мүчө мамлекеттердин жогорку финансылык көзөмөл органдарынын жетекчилеринин биринчи жолугушуусу 2010-жылдын 26- июнунда Москва шаарында өтсө, экинчи жолугушуу 2012-жылдын 23-24- апрелинде Шанхайда, ал эми үчүнчү жолугушуу 2016-жылы 27-майда Астана шаарында өткөн.