Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери, кесиптик квалификациясын жогорулатат

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери  “Каржылык эсеп – 1” жана “Башкаруу эсеби – 1” багыттары боюнча окутуу курсунан өтүштү. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Планына ылайык, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курсу боюнча 2018-жылга карата Европа союзунун “Контракты техникалык жактан колдоо, социалдык коргоо секторун реформалоо” долбоорунун көмөк көрсөтүүсү менен кызматкерлерди окутуу уюштурулду. Баардыгы 20 адам квалификациясын жогорулатты.

 Окутуунун негизги максаты кызматкерлерди эл аралык САР (Certified Accounting Practitioner) сертификатын алууга даярдоо болуп саналат. Кызматкерлерди кесиптик аудитордук/бухгалтердик сертификациялоо Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын  адамзаттык капиталды өнүктүрүү жаатында артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат  жана Кыргыз Республикасынын  Эсептөө палатасынын 2016-2020-жылдарга Стратегиялык өнүгүү планына киргизилген.

 Сертификациялоо, кызматкерлердин билим деңгээлин жана көндүмдөрүн жакшыртуусуна, эл аралык стандартта каржы отчеттуулугун жана аудит жүргүзүүнүн сапатын жакшыртууга жардам берет.

Сертификат алуу үчүн көрсөтүлгөн эки багыттан тышкары, “Салык” жана “Укук” - курстарын өтүү зарыл. Көрсөтүлгөн курстар боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырган учурда, кызматкерлерге САР сертификаты тапшырылат.

Маалымат:

САР программасы (Сертификацияланган бухгалтер: (Certified Accounting Practitioner) бухгалтердик эсепке алуунун бардык чөйрөсүн камтыйт жана бухгалтерлерге жана  аудиторлорго квалификациясын жогорулатууга маанилүү инструменти болуп саналат.