Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У. Марипов Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын төрагасы А. Кудрин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов 2018-жылдын 4-сентябрнда Москва шаарында Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алексей Кудрин менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн финансылык контролдоонун жогорку органдарынын иши жөнүндө маалымат алмашышты, жана эки тараптуу кызматташуу багыттарын талкуулашты.

Өз сөзүндө Улукбек Марипов  Алексей Кудринди Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын төрагалык милдетине дайындалышы менен куттуктады, Кыргызстандын жана Россиянын Эсептөө палаталарынын тыгыз кызматташууларын, “Эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнө жана чыңдоосу үчүн үстүбүздөгү жылдын апрель айындагы кол коюлган жаңыланган Макулдашуу жана 2019-2020-жылдарга эки өлкө ортосундагы ведомстволор жана кызматташтык Прогаммасы фундамент болуп берээрин, белгиледи

Ошондой эле, Улукбек Марипов ИНТОСАИ, АЗОСАИ, КМШ мамлекеттери катышкан финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңеши, Шанхай кызматташтык уюмунун жана Евразия экономикалык биримдигинин нугунда өз ара пайдалуу өнөктөштүк алкагында активдүү иштер жүрүп жатканын белгиледи. Жогоруда аталган уюмдардын негизинде тажрыйба алмашуу жана билим алууда, көптөгөн актуалдуу көйгөйлөр салыштырып текшерүү позицияларында,  өз ара кызыкчылыктарды туудурган аянтча болуп бере алаарын белгиледи. Буга үлгү болуп ушул жылдын июль айында Бишкек шаарында өткөн ШКУнун финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилеринин IV жолугушуусу, 5-сентябрда боло турган КМШ мүчө мамлекеттери катышкан аудиттин жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин сессиясы бере алат деди өз сөзүндө Улукбек Марипов.

Улукбек Марипов сөзүн жыйынтыктап жатып эки өлкөнүн Эсептөө палаталарынын ортосунда мындан ары да пайдалуу жана үзүрлүү кызматташтык бекемделишине үмүтү чоң экенин белгилеп кетти.

Бүгүн 5-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилер Кеңешинин   XVIII сессиясына катышат.