Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана Азербайжан Республикасынын Эсептөө палатасы эки тараптуу кызматташуу тууралуу Макулдашууга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана Азербайжан Республикасынын  Эсептөө палатасы эки тараптуу кызматташуу тууралуу Макулдашууга кол коюшту. Документке эки өлкөнүн Аудиттин жогорку органдарынын башчылары  Улукбек Марипов жана Вугар Гюльмамедов тарабынан 5-сентябрда, Москва шаарында кол коюлду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Азербайжан Республикасынын  Эсептөө палатасы менен  эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. “Биз бүгүн эки өлкө ортосундагы ведомстволор эки тараптуу кызматташуу тууралуу биринчи Макулдашууга кол коюп жатабыз. Бишкек шаарындагы акыркы жолугушуу учурунан тартып, эки ведомстволордун ортосундагы Макулдашууну даярдоодо тажрыйба алмашуу боюнча чоң иштер жасалды. Бүгүн биз жасалган иштердин жыйынтыгын көрүп турабыз. “Биз тажрыйба алмашуу жана  кесиптик өз ара аракеттенишүү жана   достуктун жаңы көпүрөсүн куруп жатканыбызга абдан кубанычтабыз”- деди ал.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы ушул Макулдашуудагы коюлган талаптар эки өлкөнүн Эсептөө палаталарынын ортосунда гана эмес, анын ичинде Кыргызстан жана Азербайжан мамлекеттеринин ортосундагы мамилелердин тереңдешине жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө чоң салымын кошот деп ишенээрин билдирди.