Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

У. Марипов КМШ мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилер Кеңешинин XVIII сессиясынын ишине катышты

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов 2018-жылдын 5-сентябрнда Москва шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын (КМШ ФКЖО) жетекчилер Кеңешинин   XVIII сессиясынын ишине катышты. Иш чарага Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусия Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Россия Федерациясынын жана  Тажикстан Республикасынын финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.

Сессиянын жүрүшүндө Кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун өнүктүрүү жана жогорулатуудагы маалыматтык технологиялардын ролу жөнүндө талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов, мамлекетти башкарууда натыйжалуулугун жогорулатууга жана өнүктүрүүгө финансылык контролдоонун жогорку органдары чоң роль ойноорун билдирди. “Кайсы гана мамлекет болбосун экономикалык коопсуздуктун элементи – бул мамлекеттин  финансылык коопсуздугу”. Экономикалык жана финансылык коопсуздуктун  өнүгүүсү үчүн мамлекеттик финансылык контролдоонун системасы өзгөчө чоң ролду ойнойт. Финансылык контролдоонун жогорку органдарынын аудитордук иштеринде  маалыматтык технологияларды пайдалануу азыркы убакыттын талабы. Заманбап маалыматтык технологиялар жок мамлекетти натыйжалуу жана майнаптуу  башкаруу мүмкүн эмес”- деп белгиледи ал.

Андан ары Улукбек Марипов сөзүн улай: “Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн 2018-2020-жылдарга  “Биримдик. Ишеним. Жаратман”  программасы кабыл  алынгандыгын, Программанын биринчи кезектеги милдеттеринин бири маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу. Бул программага ылайык, ведомстволор аралык мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү порталын түзүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, Кыргызстанда “Таза коом” программасы кабыл алынган, бул программанын алкагында  айрым мамлекеттик органдар ортосундагы маалымат алмашуу, Салык кызматынын жана алардын маалыматтар базасына корголгон аралыктан жетүү мүмкүнчүлүгү менен,  Бириккен Маалымат Борбору түзүлөт. Мындан тышкары, бардык мамлекеттик активдерди толук масштабдуу инвентаризациялоо үчүн ведомстволор аралык “Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестр” автоматташтырылган маалыматтык  системасы мамлекеттик активдерди натыйжалуу жана системалык башкаруу максатында ишке ашырылууда - деп түшүндүрдү.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы, Эсептөө палатасы жана укук коргоо органдары ортосундагы өз ара аракеттенишүү жөнүндө Макулдашуунун алкагында укук коргоо органдарына кароо үчүн берилген материалдар боюнча териштирүүлөрдүн жүрүшүнө сапаттуу мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген аудиттин материалдары боюнча электрондук база 1С тутуму иштелип чыккандыгын  жана ишке киргизилгендигин кошумчалады.

Сөзүн аяктап жатып Улукбек Марипов, жакынкы мезгилде Эсептөө палатасынын алдында маалыматтык технологияларды колдонуу жана жеке маалымат тутумун түзүү менен, аудиттин эл аралык стандарттарын кеңири масштабдуу жайылтуу боюнча маанилүү милдеттер тургандыгын, белгилеп өттү. Ал, бүгүнкү күнү колдонулуп жаткан тутумдагы баардык маалыматтардын ичинен, маалыматтардын бирдиктүү базасы топтолоорун түшүндүрдү. “Маалыматтык технологияларды колдонуунун негизинде мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун өнүктүрүү жана жогорулатуу боюнча     Эсептөө палатасынын алдында турган милдеттерди ишке ашыруу, олуттуу көңүл бурууну талап кылат жана жакынкы жылдары бардык деңгээлдеги аудиттерди башкаруунун контролдоо-аналитикалык функцияларды автоматташтыруу эсебинен,  башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылууга, ресурстарды натыйжалуу пайдаланылышын жогорулатууга, алардын рационалдуу бөлүштүрүлүшүн контролдоого жана кадрларды даярдоо жана кайрадан даярдоо тутумун башкарууга  мүмкүнчүлүк берет” – деп, сөзүн жыйынтыктады  Эсептөө палатасынын төрагасы.  

КМШ мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын (КМШ ФКЖО) жетекчилер Кеңешинин XVIII сессиясынын жыйынтыгында Резолюция жана Чечим кабыл алынды, жана КМШ мүчө мамлекеттеринин (КМШ ФКЖО) жетекчилер Кеңешинин XVIII жана XIX сессиясынын иш планы бекитилди.

Москва шаарына иш сапарынын алкагында Улукбек Марипов 4-5 сентябрдаРоссия Федерациясынын жана Азербайжан Республикасынын аудиттин жогорку органдарынын жетекчилери - Алексей Кудрин жана Вугар Гюльмамедов мененжолугушту. Бир катар жолугушуулардын алкагында Кыргызстан жана Азербайжан мамлекеттеринин ортосунда Эки тараптуу кызматташуу тууралуу Макулдашуугакол коюлду.

КМШ мүчө- мамлекеттеринин ФКЖО жетекчилер Кеңеши 2000жылы мамлекеттик финансылык контролдоонун жана тажрыйба алмашуу, өз ара аракеттенишүү жана ишин координациялоо максатында түзүлгөн.

Кеңештин алкагында эки топ иштейт: Улуттук көрсөткүчтөр боюнча чечүүчү эксперттик топ (2008ж.), Мамлекеттик финансылык контролдоонун (аудиттин)стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ (2010г.).