Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясында жана анын ведомстволук мекемелеринде 2014-2016-жылдарга чейинки мезгил аралыгына карата аудит жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясында жана анын ведомстволук мекемелеринде 2014-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдаланылышына аудит жүргүзүлдү.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча, 5,3 млн сомго каржы бузуулары аныкталган, анын ичинен: акча каражаттарынын жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуусу - 0,2 млн. сом, негизсиз эмгек акы төлөөлөр - 0,1 млн. сом, дебитордук карыздарды эсептөө боюнча жашыруулар - 5,0 млн. сом.

Жалпы каржы бузуулардын ичинен 5,2 млн. сом калыбына келтирилүүгө тийиш.

“Кыргыз энциклопедия” Башкы редакциясында аудит жүргүзүү мезгил аралыгына 5 267 даана 5 млн. сомдук чыгарылган көп томдуу Кыргыз Улуттук Энциклопедиясы китептери дебитордук карыз катары бухгалтердик баланска алынган эмес.

Мындан сырткары, аныкталган резервдер жана бюджеттин жоготуусу 12,9 млн. сомду түзгөн. Алсак,               Улуттук комиссиянын атайын каражаттар эсебинде 2018-жылдын 22-февралына карата Энциклопедия китептерин сатуудан топтолгон каражаттар 1,4 млн. сомду түзгөн.

“Кыргыз энциклопедиясы” Башкы редакциясынын административдик чыгымдарына 2016-жыл ичинде Энциклопедия китептерин сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен 3,7 млн. сом чыгымдалган. Калган, 386,6 миң сомдук китептер редакциялык коллегиянын мүчөлөрүнө, Улуттук комиссияга, Жазуучулар Союзуна жана Кыргыз Энциклопедиясынын кызматкерлерине бекер таркатылган.

“Кыргыз энциклопедиясы” Башкы редакциясынын эсебиндеги 2018-жылдын башына карата 7,2 млн. сомдук китептердин калдыгы калган.

Ошондой эле эмгек акы төлөөдөгү бузуулар 0,2 млн. сомду түзгөн.

Жалпы аныкталган резервдер жана бюджеттин жоготуусунун ичинен 12,7 млн. сом республикалык бюджеттке калыбына келтирилүүгө тийиш.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 1,9 млн. сомду түздү. Алсак, Улуттук комиссиянын 2014-жылдын ноябрь айында сатылып алынган басмакана жабдуулары, бүгүнкү күнгө чейин иштетилбей турат. Сарпталган каражаттар максатына жетпей пайдаланылган.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча Эсептөө палатасы тарабынан Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жетекчилигине аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйрук берилген. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына айрым фактылар боюнча тиешелүү кароого жөнөтүлдү.