Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды.

Улукбек Марипов Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы ишмердигинин алдын ала жыйынтыктары, ошондой эле 2019-жылдагы мамлекеттик жогорку аудит органынын пландары тууралуу маалымат берди.

Эсептөө палатасынын төрагасы белгилегендей, Эсептөө палатасынын эскертүүлөрүн аткаруу боюнча аудит объектилеринин иш-чаралар планына ылайык, төлөөлөрдүн ордун толтуруу Эсептөө палатасынын такай көзөмөлүндө турат.

Мамлекет башчысы укук коргоо органдары менен биргеликте өз ара маалыматтык байланыш ишин жакшыртуу, мамлекеттик бюджеттин каражаттарын жана мүлктөрдү пайдалануу чөйрөсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана аныктоо боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнүн алкагында коррупцияга каршы иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгына көңүл бурду.

Ал бюджеттик каражаттардын натыйжалуу колдонулушуна жана министрликтер менен ведомстволордун пландык көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына дыкат талдоо жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Президент өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын алкагында улуттук долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу максатында Эсептөө палатасы сарпталган каржылык ресурстардын стратегиялык максаттарга жетүү даражасына шайкештигине көзөмөлдү ишке ашырып, стратегиялык аудитке өтүү керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартууда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, кадрлардын дараметин арттыруу, кызматкерлердин квалификациясын жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасын койду.

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптик трансформациянын алкагында Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүнүн жумуш ыргагын автоматташтыруу жана санариптештирүү боюнча иштерди жүргүзүүнүн маанисин баса белгиледи.

КР Президентинин басма сөз кызматы