Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

7-февралда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү

2019-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Кеңештин отурумуна - төрага Улукбек Марипов, аудиторлор - Алимжан Байгазаков, Заирбек Жоошбеков, Ишенбек Медетов, Акылбек Түмөнбаев, Зарылбек Сатаев жана Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын кызматкерлери,  аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Отурумда “Кыргыз Улуттук Электр тармагы” ААКсынын 2017-жылга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы Рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2016-2017-жылдарга, “Эркин-Тоо” газетасынын редакциясына 2015-2017-жылдарга, “Кыргыз Темир Жолу УК” мамлекеттик ишканасына 2016-2017-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары каралды. Ошондой эле, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунда (АРИС) 2017-жылга насыялык жана гранттык каражаттардын пайдаланылышынын натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн аудиттин материалдары каралды.

Аудиттин жүрүшүндө аныкталган негизги бузууларды  талкуулоодо, объектилер тарабынан мурунку аудиттин жыйынтыгында берилген жазма буйруктарды аткаруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Эсептөө палатасынын төрагасы жазма буйрукту аткарууну милдеттүү түрдө экенин жана аудит объектилеринин жетекчилерине алардын аткарылышын контролдоо зарылдыгын белгиледи. 

Аудиттин жыйынтыгы тууралуу маалыматтар каралгандан кийин тийешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт жана КР Эсептөө палатасынын  www.esep.kg официалдуу сайтына жүктөлөт.