Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эмгек жамаатына жаңы аудитор тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эмгек жамаатына жаңы аудитор Зарылбек Сатаев  тааныштырылды.

Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордуна аны парламенттик оппозициянын квотасына ылайык, “Ата-Мекен” фракциясынан анын талапкерлигин жактырган.

Парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Эмиль Токтошев Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эмгек жамаатын жаңы аудитор менен тааныштырды, жана анын ишине ийгиликтерди каалады.

КР Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов жалпы эмгек жамаатынын атынан З. Сатаевди жоопкерчиликтүү кызмат ордуна дайындалышы менен  куттуктады.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө Эсептөө палатасынын башчысы комитеттин төрагасы Э. Токтошевди өткөн жылдын жыл жыйынтыктары жана 2019-жылга бекитилген аудитордук иш-чаралардын планы менен тааныштырды.

Маалымат:

Кыргыз Республикасынын 27-июнь 2010-жылдагы жаңы конституциясына жана  2011-жылдын 18-февралынын №2 “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Мыйзамынын редакциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Эсептөө палатасынын жогорку органы болуп Кеңеши эсептелинет, анын курамы 9 адамдан турат. Анын ичинен, үчтөн бирин Кыргыз Республикасынын Президент жана   үчтөн бирин - КР Жогорку Кеңешинин коалициялык көпчүлүктүн жана үчтөн бири КР Жогорку Кеңешинин – оппозициялык азчылыктын добушу менен дайындалат.

Эсептөө палатасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган Эсептөө палатасынын аудиторлорунун арасынан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.