Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

6-мартта Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2019-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Кеңештин отурумуна - төрага Улукбек Марипов, аудиторлор - Зарылбек Сатаев, Алимжан Байгазаков, Ишенбек Медетов, Акылбек Түмөнбаев, Алмасбек Султанкулов, Айжан Садыркулова жана Вадим Садовников, Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты.

Кеңештин отурумунда КР Юстиция министрлигине жана  КР Тышкы иштер министрлигинин алдындагы чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары каралды. Акыркы маселени кароого КР Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана министр өзү катышты.

Кеңештин мүчөлөрү жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарын талкуулоодо аудиттин жүрүшүндө аныкталган негизги бузуулар менен катар эле, объекттер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон мурунку аудиттин жыйынтыгы боюнча берилген жазма буйруктардын аткарылышына көбүрөөк көңүл бурулду.

Аудит жөнүндө отчетторду бекитүү жыйынтыгы боюнча, аудит жөнүндө маалыматтар тийешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт жана КР Эсептөө палатасынын www.esep.kg официалдуу сайтына жүктөлөт.