2024-жылдын 22-апрелинен 30-апрелине чейин Польшанын Жогорку аудит органынын эксперттери менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана анын өнөктөштөрү ортосунда тажрыйба алмашуу болуп өттү.
Бул аракеттер «Жогорку аудит органынын (ЖАО) отчеттуулугунун глобалдык демилгеси» (GSAI) программасынын GSAI Кыргызстан долбоорунун алкагында жасалды. Долбоордун алкагында төрт багытта иш алып баруу каралган:
• аудиттин методологиясы, сапаты жана отчеттору;
• аудит процесстерин санариптештирүү;
• коммуникация жана кызыкдар тараптардын маалымдуулугун жогорулатуу;
• стратегиялык башкаруу.
22-апрелден 25-апрелге чейин Польша ЖАОнун эксперттери Павел Банась менен Камиль Облодецкий “Аудит процесстерин санариптештирүү” компоненти боюнча Эсептөө палатасында аудиттик маалыматты анализдөө темасында окутуу өткөрүштү.
Ал эми, 24-апрелден 30-апрелге чейин Польшанын ЖАО өкүлдөрү Ивона Зиман, Катажина Копеч, Александра Кукула жана Войцех Кутыла “Коммуникация жана кызыкдар тараптардын маалымдуулугун жогорулатуу” компоненти боюнча Эсептөө палатасынын кызматкерлери, Жогорку Кеңештин, министрликтердин, журналисттер, медиа эксперттер жана көз карандысыз аудитордук коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуп, пикир алмашышты.
Бул иш-чара боюнча Польшанын Жогорку аудит органынын президентинин кеңешчиси Войцех Кутыла кыргызстандык кесиптештеринин иш ыкмаларына төмөндөгүдөй пикирин билдирүү менен, өткөн жылдын июль айында Польшанын Жогорку аудит органынын Президенти Кыргызстанга иш сапары менен келип, анын жүрүшүндө кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча келишимге кол коюлганын эске салды.
«Менин көз карашым боюнча, Кыргызстандын Эсептөө палатасы жогорку стандарттардын режиминде иштейт. Биз өнөктөш катары жетишкендиктерибиз, иштөө ыкмаларыбыз тууралуу айтып, тажрыйба алмашуу үчүн келдик», — деди Кутыла.
Анын айтымында, польшалык адистердин иш сапарынын негизги максаты — дүйнөнүн бардык эсептөө палаталарын бириктирген эл аралык уюмдун алкагында (ИНТОСАИ) кыргызстандык кесиптештер менен тажрыйба алмашуу.
«Биз төрт компонент менен алектенебиз: негизги компонент аудиттин методологиясына жана стандарттарына тиешелүү, ал аудитти кантип жүргүзүү керек деген суроого жооп берет. Экинчи компонент Эсептөө палатасы тарабынан берилген документтерге ишенимдин жогору болушу үчүн аудиттин сапаты. Үчүнчү компонент аудитте жаңы технологиялардын ролу, аларды колдонуу инструменттери боюнча. Төртүнчү компонент коммуникацияга тиешелүү, анда Эсептөө палатасы менен кызыктар тараптын өз ара аракеттенүүсү тууралуу», — деди Кутыла.
Мындан тышкары, 29-апрелде GSAI Кыргызстан долбоорунун башкаруу комитетинин жолугуусу болуп, анда 2023-жылга отчет жана 2024-2025-жылдарга пландар бекитилди.