Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

2024-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө күн тартибинин төмөнкү маселелери боюнча аудиторлор Б. А. Рыскулиев, П.С. Батиров, А.Т. Байгазаков жана А.А.Раматилаев тарабынан берилген материалдар каралды:

- 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Элчилигинин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет;

- 2023-жылга карата Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Элчилигинин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет;

- 2021-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет;

- 2022-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Ош шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет;

- 2022-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн  шайкештик аудит жөнүндө отчет;

- 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде бюджеттин аткарылышына, мамлекеттик ишканаларында жана энергетикалык Ачык акционердик коомдордо ишине  жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.

Күн тартибиндеги маселелерди кароо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылган. Кеңештин мүчөлөрү аудиттин жыйынтыгы боюнча отчетторду угуп, аудит боюнча суроолорду жана сын-пикирлерди талкуулашты. Отурумдун аягында аудиттин жыйынтыгы боюнча отчеттор бекитилип, тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.

Жогорудагы объектилерде жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кеңири маалымат кийинчерээк www.esep.kg сайтына жарыяланат.