Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Үстүбүздөгү жылдын 28-30-майында Дүйнөлүк Банк КР Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн ар кандай негизги темаларды камтыган тренинг уюштуруп өткөрдү. Иш-чара катышуучулардын Дүйнөлүк Банктын ишмердүүлүгү менен байланышкан финансылык башкаруу, сатып алуу жол-жоболору жана аудит жаатындагы билимдерин жана көндүмдөрүн тереңдетүүгө багытталган.

Тренингдин алкагында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери Дүйнөлүк Банктын Тобу жана Кыргыз Республикасындагы анын Демилгелери менен таанышышты, бул аларга жергиликтүү деңгээлде уюмдун миссиясы жана ишмердүүлүгү жөнүндө терең түшүнүк алууга мүмкүндүк берди. Тренингдин маанилүү аспектиси Дүйнөлүк банктын финансылык башкаруу жол-жоболорун киргизүү болду, бул катышуучуларга финансылык контролдоо жана башкаруу ыкмаларын жана инструменттерин жакшыраак өздөштүрүүгө жардам берди.

Инвестициялык долбоорлорду каржылоого карыз алуучулар үчүн Дүйнөлүк банктын сатып алуу эрежелерине ылайык сатып алуу жол-жоболорунун кыскача баяндамасына өзгөчө көңүл бурулду. Тренингге катышкан Эсептөө палатасынын кызматкерлери сатып алуулар аудитинин процесстери жана жол-жоболору жөнүндө билимдерди тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын командасы үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурулган Тренинг катышуучулардын кесиптик көндүмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк Банктын иши боюнча билимин кеңейтүүгө өбөлгө болду