- Подробности
- Просмотров: 203
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына 2024-жылдын 04-сентябрынан тартып тандоо жүргүзөт:
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн уюштуруу бөлүмүнүн эсеп боюнча башкы адиси (У-Б) – 1 бирдик.
Бош административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөө үчүн тандоого катышууга талапкерлер мамлекеттик же расмий тилдерде төмөнкү документтерди берет:
- жеке арызы (үлгү боюнча);
- сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу баракчасы (үлгү боюнча);
3) өмүр баяны (үлгү боюнча);
4) паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин түп нускасы аңгемелешүүдө көрсөтүлөт);
5) зарыл болгон кесиптик билимин ырастаган документтердин, эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
6) В2 же С1 деңгээлинде кыргыз тилин билүү жөнүндө сертификаттын нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
7) берилген күндөн тартып үч айдын ичинде колдонуу мөөнөтү менен соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.
Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Тандоого катышууну каалаган жарандар, дүйшөмбүдөн жумага чейинки иш күндөрү саат 9.00-18.00 чейин Бишкек шаары, Н. Исанов көчөсү, 131 дареги боюнча тандоо жүрүү жөнүндө кулактандыруу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын веб-сайтына жарыялангандан күндөн тартып он календарлык күндүн ичинде көктөмөгө тигилген документтерин берет.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар тандоого катыша алышпайт.
Уюштуруу бөлүмүнүн эсеп боюнча башкы адиси (У-Б) – 1 бирдик
Жогорку кесиптик билим: бухгалтердик эсеп чөйрөсүндө.
Иш стажы жана тажрыйбасы: 3 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы бар.
Кыргыз Республикасынын жараны.
Кесиптик компетенциялары:
1) Төмөнкүлөрдү билүү (Знания):
Кыргыз Республикасынын Конституциясын; "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүңдө"; "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө"; "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө"; "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө"; "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө"; "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"; "Бухгалтердик эсеп жөнүндө";
бухгалтердик эсепти жүргүзүү тартибин;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын регламентин; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этика кодексин;
мамлекеттик тилди В2 деңгээлинен төмөн эмес; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди; чет тилди (билгени абзел).
2) Билгичтиги (Умения):
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; товардык-материалдык баалуулуктарды пайдалануу чөйрөсүндөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.
3) Көндүмдөрү (Навыки):
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, Excel, "ТОКТОМ Мамлекет Про" маалыматтык-укуктук система, ПО "1С", "Инфодокс" иш кагаздарын электрондук жүргүзүү система).
*Тандоого катышууну каалаган жарандар көктөмөгө тигилген документтерин берет.
!!! Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар ачык тандоого катыша алышпайт.