- Подробности
- Просмотров: 326
КУЛАКТАНДЫРУУ
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы бош административдик мамлекеттик кызмат ордуна тандоо жүргүзөт:
1) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн курулуш боюнча мамлекеттик инспектору (Б-Б) – 1 бирдик.
Бош административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөө үчүн тандоого катышууга талапкерлер мамлекеттик же расмий тилдерде төмөнкү документтерди берет:
- жеке арызы (үлгү боюнча);
- сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу баракчасы (үлгү боюнча);
3) өмүр баяны (үлгү боюнча);
4) паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин түп нускасы аңгемелешүүдө көрсөтүлөт);
5) зарыл болгон кесиптик билимин ырастаган документтердин, эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
6) В2 же С1 деңгээлинде кыргыз тилин билүү жөнүндө сертификаттын нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
7) берилген күндөн тартып үч айдын ичинде колдонуу мөөнөтү менен соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.
Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Тандоого катышууну каалаган жарандар, дүйшөмбүдөн жумага чейинки иш күндөрү саат 9.00-18.00 чейин Бишкек шаары, Н. Исанов көчөсү, 131 дареги боюнча тандоо жүрүү жөнүндө кулактандыруу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын веб-сайтына жарыялангандан күндөн тартып он календарлык күндүн ичинде көктөмөгө тигилген документтерин берет.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар тандоого катыша алышпайт.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын
Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүм
Курулуш боюнча мамлекеттик инспектор (Б-Б) – 1 бирдик
Жогорку кесиптик билим: инженердик-курулуш чөйрөсүндө.
Иш стажы жана тажрыйбасы: 5 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы бар.
Кыргыз Республикасынын жараны.
Кесиптик компетенциялары:
1) Төмөнкүлөрдү билүү (Знания):
Кыргыз Республикасынын Конституциясын; "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө"; "Республикалык бюджет жөнүндө (тиешелүү жылга карата)"; "Коррупциянын алдын алуу жөнүндө"; "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө"; "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө"; "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө"; "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"; "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө"; "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө"; бюджеттик, атайын жана башка каражаттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын регламентин; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этика кодексин;
мамлекеттик тилди В2 деңгээлинен төмөн эмес; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди; чет тилди (билгени абзел).
2) Билгичтиги (Умения):
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; эксперттик-аналитикалык иш чараларды жүргүзүү процессиндеги көйгөйлөрдү талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3) Көндүмдөрү (Навыки):
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө; маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, Excel, "ТОКТОМ Мамлекет Про" маалыматтык-укуктук система, ПО "1С", "Инфодокс" иш кагаздарын электрондук жүргүзүү система).
*****
*Тандоого катышууну каалаган жарандар көктөмөгө тигилген документтерин берет.
!!! Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар ачык тандоого катыша алышпайт.