Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

“Урматтуу мекендештер!

Бүгүн биз мамлекеттик тил күнүн — биздин кайталангыс маданиятыбызды, тарыхыбызды жана мурасыбызды даңазалап, өзүнө камтып турган улуу мурастарыбыздын бири саналган тил майрамын белгилеп жатабыз. Кыргыз тили - бул жөн гана сүйлөшүү каражаты эмес, ал кылымдар бою келе жаткан муундардын ортосун бириктирген, элибиздин жаны менен тең байлык.

Мамлекеттик тил - бул улуттун биримдигин жана ынтымагын түптөөчү пайдубал. Ал ар кандай курактагы жана кесиптеги адамдарды бир түндүктүн астына бириктирип, биздин көз карандысыздыгыбыздын жана эгемендүүлүгүбүздүн символу болуп келет. Ал биздин дүйнө таануубузду калыптандырып гана тим болбостон, дүйнөдөгү татыктуу ордубузду аныктайт.

Бул улуу күнү биз ар бириңиздерди тилибиз менен сыймыктанууга, аны үйрөнүүгө, өнүктүрүүгө жана келечек муундарга жеткирүүгө чакырабыз. Келгиле, маданий тамырыбызды бекемдеп, Кыргызстандын тил мейкиндигинин көп түрдүүлүгүн сактайлы жана байыталы”.