Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Баткен областынын Баткен районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлдү.

Аудитке Баткен райондук мамлекеттик администрациясы, КР Финансы министрлигинин Баткен финансы башкармалыгы, Баткен райондук өнүктүрүү фонду жана  Кара-Булак, Дара, Кара-Бак, Самаркандек,  Төрт-Гүл,  Кыштут, Ак-Татыр,  Суу-Башы жана Ак-Сай айыл өкмөттөрү камтылды.

Баткен районундагы өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыгында жалпысынан 9171,7 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды. 

Бузуулардын классификатору боюнча:

  • бюджеттик мыйзамдардын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши  176,4 миң сом;
  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшүндөгү бузуулар (бюджетек жана СФ кошумча эсептөөлөр)  184,4 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү 2791,7 миң сом;
  • бюджеттик смета менен каралбаган чыгымдарды төлөө боюнча бюджеттик каражаттарды пайдалануу 63,0 миң сом;
  • резервдик фондунун каражаттарын пайдалануунун тартибин бузуу 40,0 миң сом;  
  • курулуш-куроо (монтаждоо) иштеринин наркын же көлөмүн жогорулатуу 355,6 миң сом;
  • кызматкерлердин эмгек акысын төлөө жана акчалай түрдөгү башка төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 180,7 миң сом;
  • товардык-материалдык балуулуктар жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар - 49,7 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы)  - 90,0 миң сом;
  • бюджетке ижара акысын өз учурунда чегерүүнү камсыздоо боюнча  контролдоонун жана чараларды көрүүнүн жоктугу - 571,2 миң сом;
  • эмгек акы, сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар   – 29,2 миң сом, аудит учурунда 29,2 миң сом толугу менен бюджетке ордуна коюлду;
  • бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды эсепке алуу тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын сактабоо - 4615,5 миң сом;
  • дебитордук карызды эсепке алуудагы бузуулары 24,3 миң сом.

Аудиттин жыйынтыгы  боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн  Баткен районунун мамлекеттик администрация башчысына, КР Финансы министрлигинин Баткен финансы башкармалыгынын жана айыл өкмөттөрдүн башчыларына сунуштамалар жана жазма буйруктар, жергиликтүү Кеңештердин сессиясында кароо үчүн, айылдык Кеңештердин  төрагаларына отчеттордун, сунуштамалардын жана жазма буйруктардын көчүрмөлөрү  жөнөтүлдү; КР Президентинин Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө  аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди.