Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы, ал эми административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөн аймактарда 2024-жылдын 1-апрелине карата бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Тогуз-Торо районунуна жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында жалпысынан 1388,8 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды.

Бузуулардын классификатору боюнча:

  • Бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү (СФ, Салык кошумча эсептөөлөр) 63,7 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, бюджетке толук ордуна коюлду.
  • Каражаттарды бирдиктүү казыналык эсептен тышкары пайдалануу 12,4 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, бюджетке толук ордуна коюлду;
  • Курулуш-куроо (монтажоо) иштеринин наркын жана көлөмүн жогорулатуу 1030,3 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
  • Кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү башка төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 134,1 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы башка бузуулар жана кемчиликтер 119,4 миң сом, ордуна коюлуга жатпайт;
  • Бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды эсепке алуу тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын сактабоо 28,9 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, мекемеге толук ордуна коюлду.

Аудиттин жыйынтыгы менен:

- тиешелүү чараларды көрүү үчүн Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Тогуз-Торо финансы башкармалыгынын башчысына, Атай, Каргалык жана Тогуз-Торо айыл өкмөттөрдүн башчыларына сунуштама жана жазма буйрук жиберилди;

- жергиликтүү Кеңештердин сессиясында кароо үчүн отчеттун, сунуштаманын жана жазмабуйруктун көчүрмөлөрү айылдык Кеңештердин төрагаларына жиберилди.

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди.