Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

2024-жылдын 3-ноябры, Эр-Рияд, Сауд Аравия Королдугу – КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Сауд Аравиясынын баш калаасы Эр-Риядда, Сауд Аравия Королдугунун Жогорку аудитордук сотунун президенти Хуссам Алангаринин чакыруусу менен иш сапарда болуп жатат.

Сапардын алкагында КР Эсептөө палатасынын төрагасы менен Сауд Аравиясынын Жогорку аудитордук сотунун президентинин ортосунда эки тараптуу жолугушуу өттү. Жолугушууда аудит жана көзөмөл тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Бишкекте кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королугунын Жогорку аудит органдарынын ортосундагы кызматташтык боюнча Меморандумдун алкагында өз ара мамилелерди бекемдөө маселелери талкууланды.

Жолугушууда Меморандумдун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана INTOSAI (Эл аралык жогорку аудит органдарынын уюму) жана ASOSAI (Азиядагы жогорку аудит органдарынын уюму) сыяктуу эл аралык уюмдардагы кызматташтык маселелери каралды. Тараптар мамлекеттин аудити жана көзөмөл тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, тажрыйба алмашуу жана мыкты практикаларды жайылтуу маанилүүлүгүн баса белгилешти, бул эки өлкөнүн аудит органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Меморандумдун кол коюлушу Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөдөгү маанилүү кадам болуп, аудит жана каржылык көзөмөл тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн негиз түзгөнүн белгиледи.

Бул визит эки өлкөнүн аудитторунун ортосунда тажрыйба алмашууну жана кесиптик өз ара аракеттешүүнү күчөтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана мамлекеттик башкаруу жана аудит тармагында натыйжалуу механизмдерди өнүктүрүүгө салым кошот деп күтүлүүдө.