Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Сиздерди Маалымат жана басма сөз күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Сиздердин коомдун турмушунда, жарандарды ишенимдүү жана өз убагында маалымат менен камсыз кылууда, коомдук жана мамлекетте болуп жаткан маанилүү аспектилерди ачып көрсөтүүдө жасаган аракетиңиздер өлкө үчүн зор ролду ойнойт. Сиздер коомубуздун айкындуулугуна жана ачыктыгына салым кошуп, объективдүү пикирлердин калыптанышына салым кошуп, демократиялык принциптерди колдоп келесиздер.
Сиздердин кесипкөйлүк чындыкка жана көз карандысыздыкка болгон берилгендигиңиздер жана талыкпаган эмгегиңиздер урмат-сыйга татыйт. Сиздерге чыгармачылык ийгилик, кызыктуу темалар, ишенимдүү окурмандар жана кызыкчылыгын арттырган көрүүчүлөр дайым болсун! Сиздердин ишиңиздер коомдо ишенимди жана түшүнүүнү бекемдөөдө маанилүү негиз болуп кала берсин.
Сиздерди урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы
Алмазбек Акматов







