Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык,  Ысык-Көл областынын  Каракол  шаарында 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 55929,5 миң сомду түзгөн, анын ичинен:

- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджеттерге  которулбаган каражаттар1089,7 миң сом. Анын ичинде:

  • бюджетке мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү тескөөдөн, мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдалануудан алынган каражаттарды, ошондой эле акы төлөнүүчү мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелерди которбоо – 520,7 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 569,0 миң сом;

  - Кыргыз Республикасындагы бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу 190,7 миң сом. Анын ичинде:

  • бюджеттик смета менен каралбаган чыгымдарды төлөө боюнча бюджеттик каражаттарды пайдалануу – 68,0 миң сом;
  • бөлүү шарттары менен каралбаган максаттарга резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу –122,7 миң сом;
  • капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар – 28540,6 миң сом;
  • милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо – 128,9 миң сом. Анын ичинде:
  • кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар– 128,9 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттин аткарылышындагы башка кемчиликтер жана бузуулар – 1441,3 миң сом;

 - Мүлктү сактоонун камсыздалбашы  – 5976,6 миң сом, Анын ичинде:

  • негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын эскиришин жана материалдык эмес активдерди эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик  мүлктүн болушу – 3396,3 миң сом;
  • мүлктөрдүн жана акча каражаттарынын жетпей калуусу – 2580,3 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы башка бузуулар – 274,5 миң сом;
  • бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуулар – 7190,7 миң сом, анын ичинде:
  • бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө подотчетко аванс берүүдөгү бузуулар – 341,9 миң сом;
  • эмгек акылары, сапар чыгымдары, жөлөкпул, компенсация төлөөгө байланыштуу бузуулар – 6100,7 миң сом;
  • эсептен дебитордук карыздар боюнча бузуулар – 582,3 миң сом;
  • эсептен кредитордук карыздар боюнча бузуулар – 165,8 миң сом;
  • Отчеттуулуктун жана эсептин тартиптеринин жана башка бузуулары  – 11096,5 миң сом.

- Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар1213,7 миң сом. Анын ичинде:

  • мыйзамдын талаптарына  ылайык конкурс өткөрүлбөстөн (товарлар, жумуштар жана кызматтар) сатып алуулар – 1213,7 миң сом.
  • башка мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар – 1213,7 миң сом.

Мындан тышкары,  11 (он бир) башка жол-жоболук бузуулар жана 2 (эки) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү башка бузуулар  аныкталган.

Төмөнкү объектилердеги курулуш куроо иштеринин көлөмдөрүн жогорулатуу боюнча  Ысык-Көл облустук прокуратурасына укуктук баа берүү үчүн жиберилген:

  • Каракол шаардык мэриясында подрядчы “Инвест Партнер Групп” ЖЧКсы тарабынан “Каракол шаарындагы №7 мектебинин сырткы келбетин, терезелерин жана тосмосун оңдоодо” 400,1 миң сомго жогорулатылгандыгы боюнча;
  • Каракол шаарынын муниципалдык мүлк башкармалыгындагы  подрядчы “Инвест Партнер Групп” ЖЧКсы тарабынан “Каракол шаарынын Майра Керим кызы көчөсүнө кичи футбол аянтын курууда” 1071,0 миң сомго жогорулатылгандыгы, ашык алынган 276,4 мин сомго кошумча нарк салыгы, 46,1 мин сом сатуудан алынуучу салыгы боюнча;
  • Каракол шаардык жол чарба муниципалдык ишканасында:

 - подрядчы “ЭР-ФАБишкек” ЖЧК тарабынан “Каракол шаарынын Кыштобаев көчөсүнүн 400 метр жерин капиталдык ремонттон өткөрүүдө” 575,9 миң сомго жогорулатылгандыгы боюнча;

 - подрядчы “Гранд Универсал Строй” ЖЧК сына (жалпы 5323,6 миң сом) “Каракол шаарынын Жакыпов көчөсүн (Токтогул-Боронбай-Хан 660 метр) капиталдык ремонттон өткөрүү” объектиси боюнча муниципалдык ишкана тарабынан 2000,0 миң сом ашык которулуп берилгендиги, аталган подрядчы тарабынан курулуш куроо иштеринин көлөмдөрү 414,6 миң сомго жогорулатылгандыгы, ашык алынган 193,7 миң сомго сатуудан алынуучу салыгы, 1162,3 миң сомго кошумча нарк салыгы, муниципалдык ишканадан алган жалпы суммасы 1553,0 миң сомдук курулуш материалдары үчүн акча каражат төккөн эместиги боюнча (б.а. муниципалдык ишкана тарабынан курулуш иштеринин аягында кармалган эмес).

- жалпы 2580,3 миң сомго жетпей калуулар боюнча аудиттин материалдары УКМКнын Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгына жиберилген.

Аудиттин материалдары Каракол шаардык мэриясынын жетекчилигинин, мекемелердин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Каракол башкармалыгынын башчысынын, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Каракол шаарынын мэрине, шаардык Кеңешке - Отчет; аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлгөн.