КР Эсептөө палатасынын Кеңеши кезектеги отурумун өткөрдү
2024-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде жана анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет. Бул маселе боюнча Кеңештин мүчөлөрүнө аудитор Азамат Раматилаев маалымат берди (өзүнчө маалымат даярдалууда).
2. Ар кандай маселелердин алкагында мамлекеттик аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузуулар жана кемчиликтер боюнча классификаторду бекитүү маселеси каралды. Бул маселе менен Пландоо, отчеттуулук жана мониторинг жүргүзүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Ибраев тааныштырды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жана бюджеттин кирешелеринин администраторлору тарабынан республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына аудит жүргүзүү боюнча методикалык сунуштарды бекитүү тууралуу Институционалдык өнүгүү жана аудиттин методологиясы боюнча башкармалыктын начальниги Нурпаис Осмонов баяндама жасады.
Отурумда каралган маселелердин ар бири боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынып, аткарууга тапшырмалар берилди.