Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык,  Ысык-Көл областынын  Чолпон-Ата  шаарында 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.                                                                                           

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 22727,9 миң сом каржы бузуулар аныкталган. Анын ичинен:

  • бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу 213,7 миң сом. Анын ичинде:
  • бюджеттик каражаттарды бюджеттик сметада каралбаган чыгымдарга пайдалануу 133,7 миң сом;
  • резервдик фонддордун каражаттарын бөлүү шарттарында каралбаган максаттарга пайдалануу 80,0 миң сом;  
  • капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы бузуулар 1634,7 миң сом. Анын ичинде:
  • курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу 1634,7 миң сом;
  • милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашыкча жана тастыкталбаган чыгымдар 988,7 миң сом. Анын ичинде:
  • кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 988,7 миң сом;
  • товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы  бузуулар 19890,8 миң сом. Анын ичинде:
  • ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык, конкурс өткөрбөстөн сатып алуулар  (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөр) 19890,8 миң сом.

         Мындан тышкары,  3 (үч) башка жол-жоболук бузуулар аныкталган.

          Аудиттин материалдары Ысык-Көл райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысынын (аким), Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жетекчилигинин, мекемелердин, Чолпон-Ата шаарынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Чолпон-Ата шаарынын мэрине, шаардык Кеңешке - Отчет; аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлдү.