Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү Базар-Коргон районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2023-жыл аралыгына шайкештик аудити жүргүзүлдү.
Аудитке, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы, КРнын Финансы министрлигинин Базар-Коргон финансы башкармалыгы, Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фонду, Базар-Коргон районунун өз алдынча башкаруу органдары (Акман, Арстанбап-Ата, Кеңеш, Сайдыкум айыл өкмөттөрү жана муниципалдык ишканалар), Базар-Коргон шаарынын мэриясы, муниципалдык менчик Департаменти, “Базар-Коргон сууканал”, “Тазалык” муниципалдык ишканалары камтылды.
Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында жалпысынан 14607,6 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды.
Бузуулардын классификатору боюнча:
- бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшүндөгү бузуулар (бюджетке жана СФ кошумча эсептөөлөр” 176,1 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 81,6 миң сом бюджетке ордуна коюлду;
- кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү башка төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 390,0 миң сом, ордуна коюлууга тийиш сумма 51,9 миң сом, ордуна коюлган жок;
- резервдик фондусунун каражаттарын пайдалануунун тартибин бузуу 50,0 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
- курулуш-куроо (монтаждоо) иштеринин наркын жана көлөмүнө кошуп жазуулар 2062,3 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 935,2 миң сом мекемеге ордуна коюлду;
- товардык-материалдык баалуулуктар жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 538,5 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт;
- мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) 404,3 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, толук ордуна коюлду (бюджетке 18,3 миң сом, мекемеге 386,0 миң сом);
- эмгек акы, сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар 88,3 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 82,3 миң сом ордуна коюлду (бюджетке 55,3 миң сом, мекемеге 27,0 миң сом);
- күнүмдүк чыгымдарды эсепке алуу боюнча мыйзам талаптарын аткарбоо 316,6 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
- бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды эсепке алуу тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын сактабоо 10581,5 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, мекемеге толук ордуна коюлду.
Аудиттин жыйынтыгы менен:
- тиешелүү чараларды көрүү үчүн Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрация башчысына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Базар-Коргон финансы башкармалыгынын, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын, Сайдыкум, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Акман айыл өкмөттөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын башчыларына сунуштама жана жазма буйрук жөнөтүлдү;
- отчеттун, сунуштаманын жана жазма буйруктун көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештин сессиясында кароо үчүн шаардык жана айылдык Кеңештердин төрагаларына жөнөтүлдү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди.
Мындан сырткары, Кеңеш айыл өкмөтүндө утурумдук жана капиталдык оңдоо, курулуш-куроо иштерине сарпталган бюджеттик жана башка каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жана туура өздөштүрүлүшүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган 206,2 миң сомдук кошуп жазуулар, анын ичинен:
- “Кеңеш айыл аймагына караштуу Коткор айылындагы “Исманов атындагы башталгыч мектебинин ашканасынын курулушун аягына чыгаруу” обьектиси боюнча «СТС-Трейд» ЖЧКсы тарабынан 82,9 миң сомдук имараттын чатырына жамгыр суулары түшүүчү ноолор жана трубалар орнотулбагандыгына карабастан, негизсиз төлөмгө кабыл алуу;
- “Кеңеш айыл аймагына караштуу Коткор айылына “Жабык типтеги кичи футбол аянтчасын куруу” обьектиси боюнча «Сагима» ЖЧКсы тарабынан жумуштардын көлөмү жана баасы (НР жана СП кошкондо) 123,3 миң сомго негизсиз жогорулатуу фактылары боюнча укуктук баа берүү үчүн, аудиттин материалдары 24.01.2025-жылдагы №01-14/19 каттын негизинде Жалал-Абад областынын прокуратурасына жиберилди.