Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун 2021-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүрүгүзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Чүй облусунун өнүктүрүү фондунда жүргүзүлгөн учурдагы аудиттерде 31 652,7 миң сом каржылык бузуулар аныкталган:

  • Бюджеттик смета менен каралбаган чыгымдарды төлөө боюнча бюджеттик каражаттарды пайдалануу – 16 485,2 миң сом;
  • Мамлекеттик максаттуу программаларды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды багыты жок пайдалануу – 50,0 миң сом;
  • Курулуш-монтаждоо иштеринин наркын же көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 14 714,0 миң сом;
  • Кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар – 398,2 миң сом;
  • Тастыкоочу документтер жок туруп, мүлктү жана ТМБларды эсептен чыгаруу жана  мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 5,3 миң сом.

Аудиттердин материалдары 2025-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн Коллегиясында каралган.

Коллегиянын чечимине ылайык, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Чүй облусунун өнүктүрүү фондунда жазма буйруктар жиберилген.

Аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоо, жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана  милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылуу сунушталды.