2025-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов ИНТОСАИ өнүктүрүү демилгесинин (IDI – INTOSAI Development Initiative) өкүлү Назгүл Албанованы расмий кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстанда ишке ашып жаткан GSAI (Global Supreme Audit Institutions Accountability Initiative) долбоорунун азыркы абалы, жетишкендиктери жана келечектеги багыттары талкууланды.
Андан соң долбоордун ар бир компоненти боюнча жумушчу топторунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлүп, алынган тажрыйба, көйгөйлөр жана максаттар жөнүндө пикир алышуу болду.
GSAI долбоору — бул дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө мамлекеттик көзөмөл органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган глобалдык демилге. КР Эсептөө палатасы бул долбоорго 2023-жылы кошулган жана андан бери улуттук аудит системасын модернизациялоо, эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү жана ачык-айкын башкаруу практикаларын жайылтуу багытында бир топ алгылыктуу иштер аткарылып келет.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоордун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилешти. IDI өкүлү Назгүл Албанова долбоордун алкагында Кыргызстандын Эсептөө палатасында түзүлгөн позитивдүү өзгөрүүлөр боюнча суроо берип, анын алкагында ар бир компонент боюнча жумушчу топторунун өкүлдөрү менен пикир алмашуу болду.
Долбоордун алкагында Кыргызстан менен Польшанын Жогорку аудит мекемелеринин ортосунда өнөктөштүк байланыш бекем орнотулду. Польшанын Жогорку аудит органы эл аралык стандарттарга ылайык аудит жүргүзүү жаатында көп жылдык тажрыйбага ээ. Польша тарап мамлекеттик аудит тармагында өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, кыргызстандык адистерге заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө өбөлгө түзүүдө.
Бул багытта бир катар онлайн жана жандуу тренингдер, семинарлар, жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү. Аудит жүргүзүүдө маалыматтык технологияларды колдонуу, эл аралык стандарттарга ылайык аудит жүргүзүү, аудиттин сапатын баалоо боюнча практикалык көндүмдөр жогорулатылды. Бул кызматташтык кыргыз аудит тармагындагы адистердин кесипкөйлүгүн арттыруу менен бирге, эл аралык практика менен тыгыз байланышта иш алып баруусуна жол салууда.
GSAI долбоору Кыргызстандын мамлекеттик аудит системасы үчүн чоң келечекти ачат. Алдыда санариптештирүү процессин ылдамдатуу, отчет берүү структурасын жакшыртуу, региондордогу аудит мекемелерин бекемдөө жана эл аралык стандарттарга ылайык натыйжалуулукка багытталган аудитти кеңири колдонуу көздөлүүдө.
КР Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүү жана ачык-айкын болушу – бул аудиттин жыйынтыктары тууралуу кеңири коомчулукка маалымат жеткирүү — ал иш маанилүү багыттардын бири. Бул максатка жетүү үчүн польшалык өнөктөштөр менен ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу жана бардык кызыкдар тараптарды активдүү тартуу үчүн атайын коммуникация стратегиясы иштелип чыгууда.
Эсептөө палатасы жана IDI өкүлдөрү бул багытта мындан ары да активдүү иш алып барууга, өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана долбоорду туруктуу өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.