Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

2024-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовдун төрагалыгы астында GSAI (Global Supreme Audit Institutions Initiative - Жогорку көзөмөл органын күчтөндүрүү боюнча глобалдык демилге) Кыргызстан долбоорунун Башкаруу комитетинин кезектеги онлайн-отуруму болуп өттү. Отурумга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, Польшанын Жогорку аудит органынын (NIK), ошондой эле INTOSAI Өнүктүрүү демилгесинин (IDI) өкүлдөрү катышты.  

Отурумдун жүрүшүндө Алмазбек Акматов долбоордун маанисине, жетишилген жыйынтыктарга токтолуп, анын Эсептөө палатасынын потенциалын жогорулатуудагы жана эл аралык стандарттарга ылайык иш алып баруудагы орду чоң экенин белгиледи:

«Биз GSAI долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан ар бир компонент Эсептөө палатасынын потенциалын жогорулатууга, улуттук аудит системасын жакшыртууга жана жарандардын ишенимин арттырууга өбөлгө түзүп жатат деп ишенебиз. Бул жолдо IDI жана Польшанын Жогорку аудит органы сыяктуу өнөктөштөрдүн тажрыйбасы жана колдоосу биз үчүн абдан маанилүү», — деди төрага.

Польшанын Жогорку аудит органынын вице-президенти Пиотр Миклис, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Петр Ивашкевич жана башкы эксперт Войцех Кубиш мырзалар долбоордун алкагында жүргүзүлгөн иштер тууралуу кеңири маалымат беришти. INTOSAIнын Өнүктүрүү демилгеси тарабынан директордун орун басары Ула Оем, менеджерлер Назгүл Албанова, Мартин Годвин, Мухаммад Ваюди, координатор Гада Нажжар катышып, өз ойлорун айтышты.

Отурумда 2024-жылдын ноябрынан 2025-жылдын май айына чейинки мезгил аралыгында аткарылган иштер тууралуу кеңири отчет угулду. Аталган мөөнөттө “Методология, сапат жана отчеттор”, “Аудит процесстерин санариптештирүү” жана “Кызыкдар тараптар менен байланыш жана маалымдуулукту жогорулатуу” компоненттеринин алкагында бир катар маанилүү иштер аткарылды.