
2025-жылдын 15–16-майында Россия Федерациясынын Казань шаарында «РОССИЯ — ИСЛАМ ДҮЙНӨСҮ: KAZANFORUM» аттуу XVI Эл аралык экономикалык форум болуп өттү. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Аппаратынын жетекчиси Болотбек Элебесов катышты.
Форум экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, санариптештирүү, туруктуу өсүү жана мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу башкарууда мамлекеттик аудиттин орду тууралуу актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн аянтча болуп калды.
Болотбек Элебесов Россия Федерациясынын Эсептөө палатасы уюштурган атайын сессияда «Заманбап дүйнөдө мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды коргоодогу мамлекеттик аудиттин орду» деген темада баяндама жасады. Ал өз сөзүндө тышкы аудит мамлекеттик каражаттардын колдонулушунун натыйжалуулугун баалоо, мыйзам бузууларды аныктоо жана аларды жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгууда маанилүү курал экенин белгиледи.
Сессиянын алкагында төмөнкү негизги темалар каралды:
- мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуудагы аудиттин ролу;
- туруктуу өнүгүүнүн негизги фактору катары көз карандысыз көзөмөл;
- мамлекеттик программаларды пландоо жана баалоодогу аудиттин орду;
- мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугу жана отчеттуулугу;
- калыстык маданиятын өнүктүрүү аркылуу коррупциянын алдын алуу;
- аудитти санариптештирүүдөгү чакырыктар жана киберкоопсуздукту камсыздоо.
Ошондой эле, КР Эсептөө палатасынын Аппаратынын жетекчиси форумдагы «Санариптештирүү: жаңы реалдуулук жана кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү» деген темадагы пленардык жыйынга катышты. Анда экономиканын ар кандай тармактарында санариптик чечимдерди колдонуу, ийгиликтүү долбоорлордун тажрыйбасы жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Форумдун алкагында Болотбек Элебесов Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын аудитору Светлана Орлова менен жолугушту. Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Россиянын жогорку аудит органдарынын ортосундагы кызматташтыктын келечектеги багыттары каралды.