Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык, Ысык-Көл областынын Тоң районунда 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 164794,6 миң сомду түзгөн, анын ичинде 154202,3 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 148616,8 миң сом. Анын ичинен:
- Бюджетке каражаттардын жеткире түшпөй калышына алып келген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин иш-аракеттери 901,2 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 503,3 миң сом. Анын ичинде:
- Карыздын мөөнөтүн негизсиз узартуу, жылдырууну жана карыздарды негизсиз реструктуризациялоо 901,2 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 503,3 миң сом.
- Бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн камсыздоо жана кайтаруу боюнча көрүлбөгөн чаралар 3400,0 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш. Анын ичинде:
- Бюджетке төлөмдөр, туумдар жана айып пулдарды өндүрүү боюнча көрүлбөгөн чаралар 3400,0 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш.
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун тиешелүү бюджетине каражаттардын чегерилбеши 87,7 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 41,3 миң сом. Анын ичинде:
- Мүлктү тескөөдөн алынган каражаттардын, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелердин бюджетке чегерилбеши (өз убагында эмес же толук эмес чегерүү) 41,3 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 41,3 миң сом;
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 46,4 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш;
- Капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы бузуулар 1839,4 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 212,4 миң сом. Анын ичинде:
- Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу 1839,4 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 212,4 миң сом;
- Милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашыкча жана тастыкталбаган чыгымдар) 10162,8 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиштүүсү 115,5 миң сом, калыбына келтирилгени 115,5 миң сом, анын ичинде:
- Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 10162,8 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиштүүсү 115,5 миң сом, калыбына келтирилгени 115,5 миң сом;
- Бюджеттерди аткаруудагы башка бузуулар жана кемчиликтер 545,0 миң сом. Анын ичинде:
- Бюджеттерди аткаруудагы башка бузуулар жана кемчиликтер 545,0 миң сом
- Мүлктүн сакталышын камсыз кылбоо 133046,8 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилген. Анын ичинде:
- Материалдык баалуулуктарды жоопкерчиликтүү сактоо эрежелеринин сакталбагандыгы, мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү 152,2 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилген.
- Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиргендигин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте кириштелбеген, эсепке алынбаган мүлктүн болушу 132849,6 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилген;
- Мүлктүн жана акчалай каражаттардын (зыян келтирүү, жоготуу, уурдоо) кем чыгуусу 45,0 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилген.
- Мүлктү пайдалануудагы бузуулар 114,2 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, анын ичинен:
- Мүлктү ижарага берүүдө ижара келишиминин шарттарынын сакталбагандыгы 114,2 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш;
- Бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актылардын бузулушу 14697,5 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилген. Анын ичинде:
- Дебитордук карыздар боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар 14337,9 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилген;
- Кредитордук карыздар боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар 359,6 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилген.
Мындан тышкары, 1 (бир) мүлктү пайдалануудагы жол-жоболук бузуулар, 1 (бир) отчет түзүүдөгү бузуулар, 2 (эки) бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актылары боюнча жол – жоболук бузуулар, 1 (бир) эсеп жана отчеттуулук тартиби боюнча жол – жоболук бузуулар жана 6 (алты) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү башка жол – жоболук бузуулар, 6 (алты) жана башка жол – жоболук бузуулар аныкталган.
Аудиттин материалдары Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, Тоң финансы башкармалыгынын башчысынын, айыл өкмөттөрдүн башчыларынын, муниципалдык ишкананын жетекчисинин жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, райондук мамлекеттик администрациянын башчысына, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, муниципалдык ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлгөн.