Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!

Курман айт – бул ырайымдын, боорукерликтин, сабырдуулуктун жана адамзатка болгон сүйүүнүн улуу күнү. Бул майрам үй-бүлөнүн биримдигин, коомдун ынтымагын чыңдаган, кайрымдуулукту жана берешендикти даңазалаган касиеттүү учур.

Ар жылы бул ыйык күндү терең ыйман, жакшы тилек жана жакшылыкка болгон ишеним менен тосуп алабыз. Бул күнү ата-бабаларга багыштап куран түшүрүп, жакындарга ал-ахвал сурап, муктаждарга көмөк көрсөтүү – элибиздин миң жылдык салты. Айт күндөрү жүрөктөр жылыйт, ниеттер тазаланат, үй-бүлөлөргө береке, журтубузга тынчтык орнойт.

Ушул жаркын майрам ар бириңиздин үйүңүзгө бейпилдик, молчулук жана бакубат жашоо алып келсин! Курман айт күнү боорукерликтин, кечиримдүүлүктүн жана жакшылыктын жышааны болуп, ырыс-кут, ынтымак менен коштолсун.

Курман айт майрамыңыздар кут болсун, урматтуу кыргыз элим!

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Эсептөө палатасынын төрагасы

Алмазбек Акматов