Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Урматтуу финансы-экономикалык тармактын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – 7-июнда белгилене турган Финансы-экономикалык тармак кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Финансы системасынын туруктуулугу, экономиканын өсүшү жана коомдук жыргалчылыктын камсыздалышы – дал сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин жыйынтыгы. Мамлекеттик жана жеке сектордо иш алып барган ар бир финансисттин, экономисттин, бухгалтердин жана аудиттердин кесипкөйлүгү, тактыгы жана жоопкерчилиги – өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салым кошууда.

Ушул майрам күнүндө мамлекеттик финансынын ачык-айкындуулугун жана эффективдүүлүгүн камсыздоого багытталган ишмердиктин маанилүү бөлүгү катары Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эмгек жамааты – аудиторлорубуздун, инспекторлорубуздун, аналитиктерибиздин жана башка бардык кызматкерлерибиздин ишин өзгөчө белгилеп кетким келет.

Аудиттик текшерүүлөр аркылуу мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу камсыздалып, коомчулук менен бийлик ортосундагы ишеним бекемделүүдө. Эсептөө палатасынын жамааты өзүнүн кесипкөйлүгү жана принципиалдуулугу менен бул маанилүү багытта үзүрлүү эмгек өтөп келүүдө.

Каалаганым – сиздердин эмгегиңиздер татыктуу бааланып, келечектеги иштериңиздер мындан да ийгиликтүү болсун! Ар дайым бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жаңы жетишкендиктер жана татыктуу сыймыктар коштоп жүрсүн!

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Эсептөө палатасынын төрагасы

Алмазбек Акматов