Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Бүгүн, 2025-жылдын 24-июнунда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынга Эсептөө палатасынын жетекчилиги, Кеңештин мүчөлөрү жана тиешелүү бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Отурумда 2020-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудитор Алимжан Байгазаков аудиттин жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, аудит учурунда нормативдик талаптарга дал келбеген бир катар кемчиликтер жана маселелер аныкталганын билдирди. Кеңеш аудиттин жыйынтыгын талкуулап, тиешелүү сунуштарды кабыл алды (бул маселе боюнча маалымат өзүнчө даярдалат).

Ошондой эле, жыйында бир катар кошумча маселелер каралды. Эсептөө палатасынын ардагери К.К. Итигулов көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Ардактуу кызматкер” медалы менен сыйланды. Мындан тышкары, капиталдык салымдарга жана кезектеги оңдоолорго багытталган бюджеттик каражаттарга аудит жүргүзүү боюнча Методикалык көрсөтмөлөр, ошондой эле Эсептөө палатасынын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн жергиликтүү бюджеттерге аудит жүргүзүү боюнча колдонмосу сунушталып талкууга алынды. Документтер Кеңеш тарабынан бекитилип, аудитордук ишмердүүлүктүн методологиялык негиздерин өркүндөтүүгө багытталган маанилүү кадам катары белгиленди.

Кеңештин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, бюджеттик тармактагы көзөмөлдү күчөтүү жана аудиттин сапатын жогорулатууга багытталган иштерди жөнгө салмакчы.