“Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун (мындан ары – Фонд) 2020-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй бузуулар аныкталган:
- Командировкалык чыгымдарды төлөп берүүгө байланыштуу бузуулар - 65,7 миң сом;
- Сатып алууларды уюштурууда жана ишке ашырууда бузуулар - 2 503,7 миң сом.
Мындан тышкары, Фонддун кардарларынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө финансылык талдоо жүргүзүүдө кээ бир кардарлардын досьелеринде кемчиликтер табылган, алар: кредитти берүү жөнүндө чечим кабыл алууда кардардын кирешелерин кайчылаш текшерүүнүн натыйжалары эске алынбайт, бул карыз алуучулардын өз милдеттенмелерин аткарбай калуу тобокелдигине алып келиши мүмкүн; финансылык талдоодо кирешелер жана чыгашалар кардардын сөзү менен эске алынат жана талданбайт жана кайра текшерилбейт, чыгашаларда минималдуу жашоо минимуму эсепке алынбайт.
Аудит жүргүзүү мезгил аралыгында кызматкерлерге функционалдык талдоо жүргүзүлгөн эмес. Фонддун ишин уюштуруу жана максаттарына жетүү үчүн жумушчу күчүн баалоо жана түзүмдү оптималдаштыруу процесстери жүргүзүлгөн эмес.
Аудиттин жыйынтыктары боюнча келтирилген бузууларды жана кемчилдиктерди жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомуна тиешелүү жазма буйрук жана сунуштамалар жиберилди.