Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Ош областынын Кара-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки, ал эми реформа жүргүзүлгөн административдик аймактарда 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мезгил аралыгына карата бюджеттин түзүлүшү жана анын аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлдү.
Аудитке, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Суу финансы башкармалыгы, Кара-Суу районунун өнүктүрүү фонду, Кара-Суу шаардык мэриясы, “Кара-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасы, Кара-Суу шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаменти, “Кара-Суу Таза Суу” МИ, Жоош, Ынтымак (Кызыл-Суу жана Жаңы-Арык), Кызыл-Кыштак, Мады, Папан, Савай, Төлөйкөн, Баш-Булак, Датка (Шарк), Манас (Нариман), Сарай Ала-Тоо (Ак-Таш, Кашкар-Кыштак), Отуз-Адыр (Отуз-Адыр, Сары-Колот) айыл өкмөттөрү жана айыл өкмөттөрүнө караштуу муниципалдык ишканалары камтылды.
Шайкештик аудиттин жыйынтыгында жалпысынан 32184,6 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон каржы бузуулар 23582,2 миң сом, аудит учурунда ордуна коюлганы 3661,5 миң сом андан: бюджетке 1094,0 миң сом жана мекемеге 2567,5 миң сом. Ордуна коюлбаган калдык сумма 19920,7 миң сомду түзөт.
Бузуулардын классификатору боюнча:
- Бюджеттин киреше бөлүгүнүн ченемдик-укуктук актылардын талаптарына туура келбеши, сапатсыз пландоо 1090,6 миң сом;
- Төлөмдөрдү туура, толук жана өз убагында жүргүзүлүшүн, алар боюнча туумдардын жана айып пулдардын эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо боюнча көрүлбөгөн чаралар 302,0 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 206,6 миң сом бюджетке калыбына келтирилди;
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 609,0 миң сом, ордуна коюлууга тийиш сумма 52 миң сомду түзөт, андан 33,6 миң сом бюджетке калыбына келтирилди;
- Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөгү бузуулар 90,4 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, бюджетке толук ордуна коюлду;
- Резервдик фонддордун каражаттарын бөлүү шарттарында каралбаган максаттарга пайдалануу 40,0 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
- Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу 8648,0 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 724,8 миң сом калыбына келтирилди (бюджетке 642,7 миң сом, мекемеге 82,1 миң сом);
- Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 246,0 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 14,9 миң сом бюджетке калыбына келтирилди;
- ТМБ ченемден ашыкча запастары жана эсептешүүлөрдөгү каражаттар 1345,8 миң сом, ордуна коюлууга тийиш сумма 1258,8 миң сомду түзөт, толугу менен мекемеге калыбына келтирилди,
- Мүлктөрдүн жана акча каражаттарынын жетишсиздиги 1702,4 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 4,9 миң сом бюджетке калыбына келтирилди;
- Бюджетке ижара төлөмүн өз учурунда которууну камсыздоо боюнча чаралардын кабыл алынбагандыгы жана анын жоктугу 78,1 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, толугу менен бюджетке калыбына келтирилди;
- Командировкалык чыгымдарды, жөлөк пулдарды, компенсацияларды ж.б. төлөмдөрдү төлөп берүүгө байланыштуу бузуулар 74,4 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 22,8 миң сом бюджетке калыбыцна келтирилди;
- Негизги каражаттарды таануу, эсепке алуу жана аммортизациялоо тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу 8653,4 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 1226,6 миң сом мекемеге калыбына келтирилди;
- Дебитордук карызды эсепке алуу боюнча талаптардын сакталбагандыгы боюнча бузуулар 2436,7 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
- Жабдуучулардын сунуштарын, контракттарды, келишимдерди кепилдик төлөмдөр менен камсыз кылуу менен байланышкан бузуулар 6867,8 миң сом.
Аудиттин жыйынтыгы менен:
1. Тиешелүү чараларды көрүү үчүн, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимге, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Суу финансы башкармалыгынын башчысына, КараСуу шаарынын мэрине, шаардык муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин, “Кара-Суу Таза суу” муниципалдык ишканасынын, о.э. Жоош, Ынтымак, Кызыл-Кыштак, Мады, Папан, Савай, Төлөйкөн, Баш-Булак, Датка, Манас, Ала-Тоо, Отуз-Адыр айыл өкмөттөрүнүн жана “МадыТазалык”, “Мады суу байлыгы”, “Ала-Тоо-Тазалык” муниципалдык ишканаларынын башчыларына сунуштама жана жазма буйрук жөнөтүлдү.
2. Отчеттун, сунуштаманын жана жазма буйруктун көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештин сессиясында кароо үчүн айылдык Кеңештердин төрагаларына жөнөтүлдү.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди.
4. Укуктук баа берүү үчүн:
- 03.02.2025-жылдагы №01-14/24 каттын негизинде Савай айыл аймагынын (Ынтымак, Савай, Кыдырша, Курбан-Кара, Октябрь жана КеңСай) айылдарына электр мамычаларын орнотуу, электр чубалгысын тартуу жана КТП орнотуу объектиси боюнча “Нуриман” ЖЧКсына 5849,0 миң сом толук төлөнгөндүгү, ошондой эле КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесинин 6-пунктунун талаптары аткарылбастан, мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына сунуштар ачылгандан кийин, өз сунушун кайра чакыртып алганына карабастан “Байсал Инвест” ЖЧКсына “Берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуу” суммасы болуп эсептелген 130,0 миң сом кайтарылып берилгендиги боюнча;
- 08.01.2025-жылдагы №01-14/2 каттын негизинде Кара-Суу районунун мурдагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин «Айыл Банк» ААКсындагы эмгек акы боюнча картасына 1484,2 миң сом негизсиз которулгандыгы боюнча;
- 08.01.2025-жылдагы №01-14/2 каттын негизинде Кара-Суу районунун Манас айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин «Бакай Банк» ААКсындагы эсебинен алынган 212,2 миң сом кайда чыгымдалгандыгы тууралуу тастыктоочу документтери жок экендиги боюнча аудиттин материалдары Ош областынын прокуратурасына жиберилди.
5. Укуктук баа берүү үчүн:
- 27.02.2025-жылдагы 1348,1 миң сомдук кошуп жазуулар жана “Жоош айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылынын көчөлөрүнө шагыл ташуу (сатып алуу)” обьектиси боюнча «Таалайбек кызы Айгерим» ЖИ тарабынан аткарылбаган жумуштарга жүргүзүлгөн 186,3 миң сомдук төлөмдөр боюнча;
- 23.06.2025-жылдагы №01-3/174 каттын негизинде “Кашкар-Кыштак Кароол айыл аймагына караштуу Бекжар айылына 50 орундуу балдар бакчасын куруу» обьектиси боюнча «СУС Строй» ЖЧКсы тарабынан жол берилген 2548,2 миң сомдук каржы бузуу боюнча;
- 23.06.2025-жылдагы №01-3/174 каттын негизинде Сарай айыл өкмөтүндө “Алистрой” ЖЧКсы тарабынан жол берилген 924,3 миң сомдук (134,3+725,0+65) каржы бузуу боюнча;
- 23.06.2025-жылдагы №01-3/174 каттын негизинде Папан айыл өкмөтүндө аныкталган 907,3 миң сомдук кошуп жазуулар («ГЕО-Тал» ЖЧКсы тарабынан 661,7 миң сом, “Ордо-Стил” ЖЧКсы тарабынан 245,6 миң сом) боюнча аудиттин материалдары КР ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына жиберилди.