Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Талас шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүндө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыгында аныкталган финансылык бузуулар жана кемчиликтер бардыгы 9 072,2 миң сомду түзгөн, анын ичинен калыбына келтирилүүчү сумма 3 045,5 миң сом  (2 145,7 миң сом калыбына келтирилген), анын ичинде:

  • Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 15,4 миң сом, тоолугу менен калыбына келтирилди.
  • Бюджеттик кредиттерди, гранттарды, субсидияларды максатсыз пайдалануу – 241,4 миң сом;
  • Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу – 521,5 миң сом;
  • Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 5 913,9 миң сом (132,3 миң сом калыбына келтирилген);
  • Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиргендигин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте кириштелбеген, эсепке алынбаган мүлктүн болушу – 657,9 миң сом – толугу менен эсепке алынып, калыбына келтирилди.
  • Тастыктоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды жана мүлктү эсептен чыгаруу – 503,1 миң сом (452,8 миң сом калыбына келтирилген);
  • Командировкалык чыгымдарды, жөлөк пулдарды, компенсацияларды ж.б. төлөмдөрдү төлөп берүүгө байланыштуу бузуулар2,4 миң сом;
  • Негизги каражаттарды таануу, эсепке алуу жана аммортизациялоо тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу – 188,5 миң сом – толугу менен калыбына келтирилген;
  • Дебитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 1 024,4 миң сом (714,2 миң сом калыбына келтирилген);
  •  

Аудиттердин материалдары 2025-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн Коллегиясында каралган. Коллегиянын чечимине ылайык, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Талас шаардык кеңешине маалымат, Талас шаарынын мэриясына жазма буйрук жиберилген.

Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы боюнча Кошумча Үч тараптуу келишимдерди түзүүдө, жумуштарды аткаруу мөөнөттөрү негизсиз алынгандыгы боюнча, материалдар укук коргоо органдарына жиберилди. Ошондой эле Талас шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Талас шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүндө жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары Талас шаарынын мэриясынын Коллегиясынын отурумунда кароо, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоо, жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктун аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана  милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылуу сунушталды.